Өспүрүм кыздарга айыз тууралуу айтып берген ТikTok сериал жарык көрдү

«Открытая линия» коомдук фонду сценарий жазган жана иллюстрация тарткан кыздар менен бирге өспүрүмдөргө арналган It’s Oky деген аталыштагы ТikTok сериал иштеп чыгышты. Агартуу багытындагы сериалда өспүрүм кыздарга айыз тууралуу айтып беришет.

Сюжетке негиз катары Кыргызстандын жети облусундагы окуучу кыздардын окуялары алынган.

@its_oky.kg Подписывайтесь на канал и следите за историей Даяны! 🫣❤️ #моетеломоедело #девушкипоймут #кыргызстан #феминизмнужен #феминизм #равноправие ♬ оригинальный звук - Heathrow

«Бул анимация менен тартылган мультипликация, анда сиз башкы каарман Даянанын эмоцияларын, анын коркуу жана уялуу сезимдерин көрүп, ар бир сериянын аягында сериалдын ТikTok аккаунтундагы комментарийлерде өзүңүздүн жетилген курактагы турмуштук окуяларыңыз тууралуу суроолорго жооп бересиз», — деп билдиришти сериалдын авторлору.

Алар Даянаны айыз келгенде уялган башка көптөгөн өспүрүм кыздардай эле сүрөттөшөт. Ал мурда жетилип жатканы тууралуу бир да киши менен сүйлөшүп да көргөн эмес, ал түгүл жакын адамдарынан суроолоруна жооп алгандан да коркот.

«[Даяна] биринчи жолу айыз келгенде кайда барып, кимден кеңеш алып, кимден жардам сурап, организми эмне болуп жатканын билбей бушайман болгон. Организминдеги өзгөрүүлөр жөнүндө сураганды уят деп ойлогон. Тааныган кишиси менен барып прокладка сатып алганды дагы уят деп билген. Эжесине, апасына ичи, бели ооруп жатканын айтуудан тартынат», — деп айтып беришти сериалдын каарманы тууралуу «Открытая линия» фондунан.

Сериалдын өзү 10 эпизоддон турат, биринчиси 28-февралда жарык көрдү. Сценарист кыздар сериалдын негизги сюжети менен катар өспүрүм кыздарга колдоо көрсөткөн көптөгөн багыттар болорун айтышты.

«Башкы каарман апасы менен эжесине айыз деген эмне, ал эмне үчүн оорутат деген суроолорду берип, баарын түшүнөт. Андан соң курбусуна уялуудан, көңүл чөктүргөн абалдан кантип чыкса болорун айтып, колдоо көрсөткөндү үйрөнөт», — деп билдиришти «Открытая линиядан».

Сценаристтер сериалдын негизги максаты — өспүрүм кыздарга Oky уюлдук колдонмосу жана чат-бот тууралуу маалыматты жеткирүү дешет. Анда айызга байланышкан уялуудан, кысынуудан арылуунун жолдорун үйрөткөн колдонмолор бар. Oky жана чат-бот Кыргызстанда иштелип чыккан.

«[Колдонмонун жана чат боттун жардамы менен] жетилүү жана айызга байланыштуу так маалыматтарды алып, ал жөнүндө ишенимдүү адамдарың менен сүйлөшүп турсаң өзүңө ишенбеген абалдан чыгып кетсең болот. [Oky] кеңеш сурап кайрылгандан коркпогонго, айыз учурунда өз циклиңе, күнүмдүк абалыңа көз салып турганга үйрөтөт: денеңе, активдүүлүгүңө, тамак-ашыңа», — деп айтышты «Открытая линиядан».

Oky колдонмосун Play Market жана AppStore’дон көчүрүп алса болот. Ал эми сериалдын өзү бул шилтемеде.

Тема боюнча окуңуз: Өспүрүм кыздар үчүн ден соолук жана жетилүү жөнүндө мобилдик тиркеме иштелип чыкты