Өспүрүм кыздар үчүн ден соолук жана жетилүү жөнүндө мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Өспүрүм кыздар үчүн ден соолукту кароого жардам кыла турган Oky мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» «Открытая линия» коомдук фондунан билдиришти.

Алардын айтымында, Oky тиркемеси айтылбашы керек деген нерселерди, стигматизацияны жеңүүгө жардам берет, айыз тууралуу имиштерди төгүндөп, кыздардын репродуктивдик ден соолугуна байланышкан сапаттуу маалыматтардын жетишсиздигин толтурат.

«Бул колдонмону колдонгон кыздар үчүн ден соолугу үчүн тобокелдиктерди азайтууга жана суроолоруна так жоопторду алууга мүмкүндүк берет», — деп билдиришти фонддон.Колдонмо аймактардын санариптик шарттарын (интернеттин ылдамдыгы, кандай үлгүдөгү мобилдик түзмөктөр бар экенин) эске алат жана кыздарга чоңоюп жаткандыгы, денесиндеги өзгөрүүлөр, жыныстык жетилүүсү жана репродуктивдик саламаттагы тууралуу маалыматтарды берип, алардын санариптик сабатынын жогорулашына өбөлгө түзөт.

«Oky’нун функциялары Android жана App Store’до колдонмо түрүндө жеткиликтүү, анын ар бир кыз үчүн жеке айыз календары, кеңеш берген эженин чат-боту, кыздардын жетилүүсү жөнүндө пайдалуу маалыматтар камтылган энциклопедия бар», — деп айтып берди «Открытая линия» коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова.

Oky’нун төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар:

  • Кыздар үчүн оюнга айлантылган дизайн (10-19 жаш);
  • Аватар, ар бир адам үчүн өзүнчө интерфейс;
  • Айыз календары;
  • Кыздарга деп жалпак тил менен түшүндүрүлгөн тастыкталган маалыматтар;
  • Викторина жана сурамжылоолор;
  • Кеңеш берүүчү эреженин ролун аткарган чат-бот;

Колдонмо өлкө боюнча бардык өспүрүм кыздарга жеткиликтүү болушу үчүн ал өз алдында иштей бергидей кылып жасалган, телефондо көп орунду ээлебейт, арзан смортфондордо да ачылат, толугу менен акысыз.

Аны Play Market жана AppStore’дон көчүрүп алса болот. Тиркеме UNICEF менен өнөктөштүктө иштелип чыккан.