Садыр Жапаров үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган аялдын окуясын териштирүүнү убадалады

Садыр Жапаров. Сүрөт соцтүйүндөн алынды.

5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган аялдан кабар алганы барды. Бул тууралуу конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, президент башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бирге келип, үйү буздурулган Марал Шаболотовага Бишкектен батир берүүнү убада кылды.

«Чогулган эл негизги маселени, кызыл китеп ала албай жатканын айтты. Жер ээлери тоскоолдук жаратып, ошонун негизинде жер мунапысы боюнча чыккан токтомдун 27-пунктундагы "жеке менчикке ээлери аркылуу" деген жерин жокко чыгарып берүүнү өтүнүштү. Президент “токтомдогу ушул сөздү жокко чыгарып, жерди түз элге бергиле” деп айтты. Андан сырткары жогорку чыңалуудагы электр энергиясы тууралуу маселе козголду», — деди Осмонов.

Президенттин басма сөз кызматынан Жапаровдун Ак-Ордо конушуну барганын тастыктап, ал окуянын чоо-жайын билүү үчүн Шаболотова жана тургундар менен сүйлөшкөнүн белгилешти.

«Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда. Президент териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди», — деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Марал Шаболотованын үйү кошунасы жазган арыздын негизинде 1-март күнү кечинде буздурулуп, төрт баласы менен көчөдө калган. Кайдыгер карабагандар убактылуу баш калкалоо үчүн боз үй тигип беришкен.

Ал эми Жогоку соттон Шаболотова үйдү мыйзамсыз куруп алган деп билдиришкен. Бийлик өкүлөрү окуянын мыйзамдуулугун иликтей турганын айтып, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун жардамы менен жаңы үй куруп берүүнү убадалашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ак-Ордо: Кошунасы жазган арыздын негизинде үйү буздурулган аял төрт баласы менен көчөдө калды