Ак-Ордо: Кошунасы жазган арыздын негизинде үйү буздурулган аял төрт баласы менен көчөдө калды

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жашаган Марал Шаболотованын үйү кошунасы жазган арыздын негизинде 1-март күнү кечинде буздурулуп, төрт баласы менен көчөдө калды.

Ал президент Садыр Жапаровго жана кыргызстандыктарга жардам сурап кайрылды. Кайдыгер карабагандар урандынын жанына убактылуу баш калкалоо үчүн боз үй тигип беришти.

«Кошунам [Толкун Самудинова] мыйзамсыз жасатып алган китепчесининин негизинде сот чечим чыгарып, минтип үйүмдү бузуп салышты. Күйөөм ооруканада, азыр болсо баш калкалап бара турчу жерим жок. Күндүз кечке ушул жерде отурам, ушул жерден тамактанып жатабыз», — деп абалын түшүндүрүп берди ал.

Шаболотова жер маселеси боюнча кошунасы Толкун Самудинова менен 2018-жылдан бери соттошуп келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, жерди 2012-жылы «мыйзамдуу эле» сатып алып, эки бөлмөлүү үй курган.

2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү жер Самудиновага таандык деп чечим чыгарып берип, ал 2017-жылы кызыл китебин жасаткан. Ал эми 2022-жылдын октябрында Жогорку сот жерди Самудинованын пайдасына чечкен.

Жогорку сот эмне дейт?

Жогорку соттон «Клоопко» иш боюнча маалымат берип, Марал Шаболотова үйдү мыйзамсыз куруп алган деп билдиришти.

«Шаболотова жана дагы бир кошунасы Толкун Самудинова аттуу аялдын жерин өзүм билемдик менен, эч кандай уруксат кагаздары жок ээлеп алып, үй куруп алышкан. Соттун бардык кароолорунда Самудинованыкы туура болуп чыккандыктан, анын пайдасына өкүм чыккан», — деп белгилешти Жогорку соттон.

Бийлик өкүлдөрү эмне дейт?

Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев бул окуянын мыйзамдуулугун иликтей турганын жана үй-бүлөгө убактылуу турак-жай уюштуруп, контейнер же вагон орнотуп беришерин билдирди.

«Үйдү түрттүрүп салгандан кийин жергиликтүү тургундар абдан нааразы болушту. Айрымдары өздөрү эле жазалап, кошунасынын үйүн өрттөп салалы дешти. Аларды тынчтандырып, баарын мыйзам чегинде чечебиз дедим», — деп белгиледи аткаминер.

Ал эми 4-мартта окуя болгон жерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев барып, көчөдө калган аялга өкмөт башчынын жардамы менен жаңы үй куруп берилерин убадалады.