Видео: Кыргызстандык жигит «Голос» сынагынын экинчи баскычына жолдомо алды

Бишкектин 27 жаштагы тургуну Влад Зотов Орусиядагы «Голос» музыкалык долбоорунун 11-сезонуна катышып жатат. Ал долбоордун 3-марттагы чыгарылышында экинчи баскычка жолдомо алды — ага төрт калыстын үчөө добуш берди.

Зотов «Иван Купала» тобунун «Кострома» ырын аткарды. Алгачкылардан болуп ага ырчы Полина Гагарина бурулда. Андани кийин Баста менен Владимир Пресняков добуш берди.

Гагарина Зотовдун аткаруусун «керемет» деп баалды. Ал эми Баста менен Пресняков анын кооз үнүнө жана тембрине баа беришти.

«Голос» музыкалык долбоорунун өткөн жылдагы 10-сезонунун жеңүүчүсү кыргызстандык Александр Волкодав болгон. Ал шоунун көрүүчүлөрүнүн 54% добушуна ээ болгон.

Ушул эле сынакка 2016-жылы ырчы Кайрат Примбердиев да катышып, 3-орунду ээлеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык Александр Волкодав «Голос» сынагынын жеңүүчүсү болду