Бишкектин Административдик соту «Азаттыктын» юристтеринин Маданият министрлигинин басылманын сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу «Клоопко» басылманын адвокаты Тимур Султанов билдирди.
Анын айтымында, Маданият министрлигинин «Азаттыктын» сайтын жарандардын арызы жок бөгөттөгөнгө укугу жок. Султанов бул чечим мыйзамдарга, анын ичинде «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына каршы келерин айтты.
«Тилекке каршы, сотко үнүбүз жеткен жок, биздин арызыбызды канааттандырган жок. Биз сөзсүз түрдө бул чечимди 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанабыз», — деди адвокат.
«Азаттыктын» бөгөттөлүшү
«Азаттык» үналгысынын сайты 2022-жылдын октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган. Буга аталган медиада сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.
Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалында «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат колдонулган» деп билдиришкен.
Кийин ведомстводон алар анык эмес деп эсептеп жаткан материал өчүрүлмөйүн басылманын сайты бөгөттөөлүү бойдон кала берерин айтышкан.
Андан кийин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.
Ал эми 2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Арыз берүүгө талаштуу материалдын өчүрүлбөгөнү себеп болгону көрсөтүлгөн. Флай буга алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» айтып жооп узаткан.
Фейк делген кабарлар үчүн ЖМКга карата даттануулар 2021-жылдын августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынгандан кийин башталган. «Медиа Полиси Институтунун» юристтери фейктер тууралуу мыйзамды «бийликтин аракеттерине көз салып, жарандарга өкмөт кандай иштеп атканын түшүнүүгө жардам берген маалыматтарды ачыктап жаткан ЖМКга каршы административдик ресурс» деп аташкан.