Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөөнү чечти

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөдү. Бул тууралуу министрликтен 26-октябрда билдиришти.

Министрликтин маалыматында, буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылат.

«Министрлик тарабынан 16-сентябрда “Учурдагы убакыт” ресурсунда “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш” аттуу видеоматериалы жана эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан улам маданият министрлиги 17-сентябрда бул боюнча мекемеге кайрылуу жолдогонун билдирди. Бирок «көңүл кош мамиле жасалгандыктан» 24-октябрда материалды 24 сааттын ичинде өчүрүп салуу талабы менен кайрадан кат жиберилгенин белгилешти.

«Министрликтин катына жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок, ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек», — деп билдиришти министрликтен.

Буга байланыштуу маданият министрлиги аталган көз карандысыз медианын сайтын эки айга бөгөттөдү.

Ал эми «Азаттык» мурдараак билдирүү таратып, министрлик аларга кат жолдогонун тастыктады. Радионун президенти Жейми Флай министрлик айтып жаткан материалда стандарттар бузулган эмес деген тыянакка келишкенин билдирди. Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп баса белгиледи.

«Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма», — деди ал.

Материал чыгаар алдында, 26-октябрь саат 17:25ке карата, аталган медианын сайты үзгүлтүксүз иштеп жатат.