Зиядин Жамалдинов, Жусупбек Коргонбай уулу, Эмилбек Жусупов жана Алишер Козуев

Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында Жусупбек Коргонбай уулу баштаган бир катар депутаттар Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жер тилкелерин «агасынын атына мыйзамсыз каттатып алган» деп айтып чыкты. Ал эми Жамалдинов муну «жалаа» деп атап, баары тиешелүү органдар териштирүү жүргүзгөндөн кийин аныкталат деп билдирди.

Эмне болду?

Депутат Коргонбай уулу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жамалдинов 2021-жылы Ноокат районундагы Апшыр-Ата капчыгайындагы Токой-чарба агенттигине караштуу жерди жана ал жердеги үйдү бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго мыйзамсыз каттатып алганын айтты.

Аны менен катар эл өкүлү ошол эле райондогу Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жин-Жиген тилкесинин 181 гектар жерди, анын ичинен 5 гектарды мөмө эгүүгө колдонуу максатында агасына каттатканын билдирди.

«Менин алдымда Мамлекеттик каттоо кызматынан келген расмий кагаздар турат. Өмүр бою бир күн дагы бизнес кылбай туруп, ушунча жер-мүлктөргө ээлик кылган килтейген облустагы президенттин өкүлүнө бул моралдык-этикалык жактан уят нерсе. Жер тилкелерин катарынан окуп отурбайын, элдин учурдагы талабы жер маселелери болуп жатканда жүздөгөн гектар жерди алып албастан, тиешелүү органдар УКМК жана прокуратура ушуларды текшерип чыгышын талап кылам. [...] Мен анын Ысык-Көлдөгү пансионаттарын жана башкаларын айта элекмин», — деп билдирди Коргонбай уулу.

Эл өкүлү Жамалдинов «бизнеске жана инвесторлорго бут тосууларды көрсөтүп жатканын жана буга чейин жалаң мамлекеттик кызматтарды аркалаганын баса белгилеп, мындай кадрлар мамлекетти артка тартып жатканын» айтып президент Жапаровго кайрылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов дагы Коргонбай уулунун айткан сөздөрүн кубаттап, облус башчысы «бир аз туура эмес иштерди алып барып жатканын» белгиледи.

«Жакынкы күндөрү Ноокат районуна барып, Кулатов айыл өкмөтүндө инвесторлорду тарттык эле. Алар бизге чоң мечит, эки бала бакча жана эки медресе куруп бериши үчүн долбоорго кол койдук эле. Ага айылдын имамын, аксакалдарды чакырып алып, бут тосууларды кылып жатат», — деп билдирди Жусупов.

Аны менен катар эл өкүлү бул маселе боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Саясатчылардын айткан пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев дагы кубаттап, облус жетекчиси айыл өкмөттүн башчыларынан тарта мектеп директорлоруна чейин кысым көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Жамалдинов эмне дейт?

Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 9-мартта маалымат жыйын өткөрүп, депутаттардын сын-дооматтарын төгүндөдү.

Жамалдинов жерди менчиктеп алуу боюнча «депутаттардын ар бир сөзүн укук коргоо органдары текшерип чыгышын» айтып, анын жыйынтыгы менен маалымат берилерин билдирди.

«Депутат болгон адам биринчи кезекте бардык фактыларды топтоп, анан айтса жакшы болмок. [...] Кайсыл мүлктөр экенин айтпайбы фактылар боюнча? Туура, менин Бишкек шаарында бир эле үйүм бар, ал декларацияда көрсөтүлгөн. [...] Андан сырткары, Ысык-Көлдө дагы пансионаттары бар дегени боюнча дагы териштирүү жүргүзүшсүн, балким мен билбей жүргөн пансионатым бар болсо, таап беришсе жакшы болот эле. Чоң рахматымды айтат элем», — деди облус башчысы.

Аны менен катар ал, айыл өкмөт башчыларына коркутуу жана кысым жок экенин, болгону таза иштеши үчүн сунуш берип, керек болсо текшерүүлөрдү өткөрүп турарын айтты.

Ошондой эле ал, мектеп директорлору бүгүнкү күндө конкурстун негизинде тандалып алынарын белгилеп, аларды кызматка коюуга же тапшырма берүүгө укугу жок экенин кошумчалады.

Андан сырткары облус башчысы депутат Эмилбек Жусуповдун дооматтарын «жалаа» деп атап, бала бакчанын курулушу тууралуу «кабары жок экенин жана эл өкүлү ага бир дагы жолу кайрылбаганын» белгиледи.

«Имамдар келип, Кулатовдун борборуна чоң мечит курабыз деп айтышкан. “Макул, болбосо инвесторлорду караштырып берели” дегенбиз. Инвесторлор ким эми? Арап фонддору бар, ошолор инвестор. Анан бүгүнкү күндө бизде бала бакча жетишпейт, биз керек болсо ошолорду колдоп, “бала бакча курам” деп турган болсо курбайт белек? Булардын баары жалаа, себеби, ал жерде айыл өкмөтүнүн башчысы бар, имамы бар, кандай бут тосуу болуп жатканын алар айтып берсин. [...] Бул депутатыбыз менин кабинетиме келе элек, кантип кайрылганын билбейм», — деди ал.

Жамалдинов Токой чарбасында агасына тиешелүү «жер балким бар экенин, бирок Жусуп Коргонбай уулу айткандай деңгээлде эместигин» айтты.

Ал эми саясатчы журналисттин «бир күндө бир канча депутаттын кайрылуу жасашы күмөн жаратууда, мурунтан эле ортоңордо башка маселе жок беле?» деген суроосуна «балким алар алдын ала өз ара сүйлөшүп алышса керек» деп жооп берди.

Андан сырткары Жамалдинов депутат Коргонбай уулу «буга чейин кадр жана башка маселе боюнча кайрылганын, бирок ал маселени чечип бербей койгонун» айтты. Ошондой эле Ош облусундагы айыл өкмөтүнүн бирине «жаңы дайындалган башчы депутат Алишер Козуев аркылуу келген» деген маалымат бар экенин билдирди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Абдураимов кызматтан көтөрүлүп, ордуна экс-депутат Зиядин Жамалдинов келди