Ош: Абдураимов кызматтан көтөрүлүп, ордуна экс-депутат Зиядин Жамалдинов келди

Жарасул Абдураимов жана Зиядин Жамалдинов

Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалганына байланыштуу кызматынан алынды. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп экс-депутат Зиядин Жамалдинов дайындалды.

22-июлда президент Садыр Жапаров жети облуска өз өкүлдөрүн дайындады. Абдураимовдон башка бардык облус башчылары өз ордуларында калды. Буга чейин Жапаров облус башчыларын ага баш ийдирген жарлыкка кол койгон.

Зиядин Жамалдинов ким?

Жамалдинов 55 жашта, Ош облусунун Ноокат районунда туулуп-өскөн. Мамлекеттик кызматтагы карьерасын 1994-жылы Ош облусунун салык полиция кызматынын ыйгарым укуктуу опери катары баштаган.

Ал эми 2003-жылы Акыйкатчы аппаратынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында депутат, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгон.

2010-жылы парламенттин төртүнчү чакырылышына «Ак-Жол» партиясынан депутат болуп келип, Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган. 2015-жылдан баштап 2020-жылга чейин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгон.

Ал парламенттин алтынчы чакырылышына 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен келген. Мандатын өткөн жылы октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган. Ал эми шайлоого «Бүтүн-Кыргызстан» партиясы менен барган.