Капалова: Аялдарды өлтүргөндө үндөбөй, 8-мартта маршка чыккандарды каргаш үчүн ойгоносуңар

Жазуучу Алтын Капалова Фейсбукка пост жарыялап, 8-марттагы маршты сындагандарга бул күнү кыргызстандык кыздар эмне үчүн жөө жүрүшкө чыгарын эскертти.

Капалованын айтымында, анын публикацияларына жөө жүрүш уюштургандар жана ага катышкандар батыштын агенттери деп комментарий жазгандар кездешет.

«Акыркы жылдары болгон өлүмдөрдү баяндаганга жүрөгүм чыдабайт. Бирок бүгүн, дагы бир жолу, эмне үчүн 8-мартта Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүшкө чыгып жатканыбызды түшүндүргүм келип жатат. Биз нааразычылык билдирип чыгабыз. Биз мамлекеттен коопсуздукту талап кылабыз. Биз күнөөлүүлөр жазаланышын талап кылабыз. Биз сөз эркиндигин, дене-бой эркиндигин, эмоционалдык эркиндик талап кылабыз, укуктарыбыздын сакталышын талап кылабыз. Менин постторумдун алдына батыштан каржыланган агенттер деп түркөйлөрчө комментарий жаза бербегиле, жетишет. Аялдарды өлтүрүп жатканда үн катпайсыңар дагы, 8-мартта ойгоно калып, марштын уюштуруучулары менен катышуучуларына каргыш жаадырасыңар», — деп жазды ал.

Ошондой эле, Капалова венециялык сүрөтчү Мэрилиз Виньонун маркум Айзада Канатбекованын элесине арнаган портретин дагы бөлүштү.

«Айзада Канатбекова чоңойгон, мен чоңойгон Балыкчы шаарындагы ээн жээкте жалгыз даракта пальто илинип турат. Биз ал жерге табиятка суктанып жана шамалдын ыргагына жүзүбүздү тосуп, бири-бирибиз менен сүйлөшүп отуруу үчүн сабактан качып чыгат элек. Айзаданын окуясы мага өзгөчө оор тийди. Балким, биздин кыялдарыбыз окшош болгону үчүндүр. Аткени ал дагы, мен дагы, ортодогу 10 жаш айырма менен, 18 жашыбызда билим жана жумуш издеп шамалдуу Балыкчыдан кеткенбиз. Бирок Айзаданы 27 жашында артынан аңдыган зөөкүр зордуктап өлтүрдү. Окуя эки жыл мурда болгон. Ал уурдалганда милиция аны жарытып издеген да жок. Алар кыздын апасына тойго даярдангыла дептир… Бул киши өлтүрүүнүн алдын алса болот болчу. Бирок милиционерлер кыймылдабай койгон», — деп жазды жазуучу.

Капалова Кыргызстандагы бир нече аялдын чуулгандуу өлүмүн эске салды.

«Бүгүн маршта 20 күн мурда өз үйүндө апасы менен инисине кошуп УКМКнын кызматери өлтүрүп салган Сайкал да басмак эле. Сайкал кыялдары бийик, аракети күч сүрөтчү кыз эле. Бирок бизде анын окуучулук эмгектери менен кайгыдан башка эч нерсе калбады.

Өлкөдө жылыбыз дайыма аялдардын, кыздардын мыкаачылык менен өлүмүнөн башталат. Баткенде күйөөсү кыйнап, ур-токмокко алганда каза болгон келиндин денесинде соо жери калбаптыр. Жыныс мүчөсү кайнак сууга күйгөн, күйөөсү моокуму канганча кыйнаган. Чаекте өмүр бою күйөөсүнөн токмок жеген аял, 31-декабрда кезектеги таяктоодон соң диванга кулап, ошол бойдон ойгонгон эмес», — деди Капалова.

Аялдардын укуктары үчүн марш

8-мартта Бишкекте Аялдардын укугу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата салтка айланган жөө жүрүш өттү. 2023-жылы марштын темасы — аялдардын эркиндикке жетиши үчүн тилектештик жана сөз эркиндиги үчүн күрөш.

500дөй катышуучу кыздар жана балдар Спорт ордосунан Революциянын каармнадарынын эстелигине чейин шаарды аралап басышты.

Жөө жүрүштүн катышуучулары бийликке багытталган кыргыз жана орус тилиндеги кайрылууну окушту. Анда Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң кооптуу өлкө экени, соттор адилетсиз иштеп жатканы жана зөөкүрлөр жазасыз калып жатканы айтылат. Андан тышкары эркектер менен аялдардын айлык акысынын ортосунда 25% айырма бар экени белгиленди.

Талаптардын арасында зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын киргизүү, ар бир райондо мамлекет тарабынан каржыланган кризистик борборлорду ачуу, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн, эгер аялдын ден соолугуна азыраак зыян келген болсо дагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу, сөз эркиндигине, чогулуштарды өткөрүүгө салынган чектөөнү алып салуу, уюмдарга кол салууларды токтотуу жана активист кыздар менен журналисттерге басым жасоону токтотуу талаптары коюлду.