«Бурятиянын көз карандысыздыгы». 24.kg’нин журналисти УКМКга чакыртылды

24.kg басылмасынын журналисти Гүлмира Маканбай кызы 9-март күнү кечинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине «маектешүүгө» кирип чыкты. Бул тууралуу басылмадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, журналист УКМКга Буда Мунхоев аттуу Орусиянын жараны менен видеомаек жарыялагандан кийин чакырылган. Мунхоев Бурятиянын көз карандысыздыгы, эне тили жана Кыргызстандан алган таасирлери жөнүндө айтып берген.

«Интервьюда респондент Орусиядагы акыркы окуялардан кийин көптөгөн мекендештери Буриятиянын эгемендүүлүгүн кыялданып жатышканын айткан. Мени менен маектешкен УКМКнын эки кызматкери материалга даттанып Орусиянын башка жараны кайрылганын айтып беришти. Алар видеосюжет келечекте эки өлкөнүн мамилесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып, келечекте мындай теманы чагылдырууда этият болууну сунушташты. Алардын жумушун түшүнүп турам, бирок ошол эле маалда коопсуздук органдын кызматкерлеринин сунушун ЖМКга карата цензура катары баалайм», — деп айтты журналист.

Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери журналист менен сылык, адвокаттын катышуусунда маектешкен. Журналист түшүнүк кат жазып берген. Сүйлөшүү жалпы бир саатка жакын созулган.

24.kg’ден белгилешкендей, журналистке кол тамгасы, мөөрү жана чакыруунун максаты көрсөтүлбөгөн чакыруу кагазы жөнөтүлгөн.

УКМКнын чакыруусу. Сүрөт: 24.kg.

Буга чейин Гүлмира Маканбай кызы сыяктуу эле, 24.kg’нин башка кызматкерлери дагы УКМКга маектешүүгө кирген. Февралдын башында УКМК 24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаеваны суракка алган. Ал суракка басылманын сайтындагы бир материал боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу чакырылганын айткан.

Бирок Оторбаева «тергөөгө маалыматтын өзү эмес, соцтүйүндөрдүн биринин астына түшкөн комментарий кызыктыргандай таасир калтырды» деп белгилеген. Ал эми УКМК сурак боюнча комментарий берген эмес.