24.kg басылмасынын башкы директору УКМКга суракка чакырылды

Материал жаңыртылат

24.kg басылмасынын башкы директору Асел Оторбаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу ал 6-февралда фейсбук баракчасында билдирди.

Чакыруу кагазы. Сүрөт: Асель Оторбаеванын фейсбук барагы

«24.kg басылмасынын сайтындагы материалга байланыштуу. Кайсыл экенин сурабагыла, тергөөчүнүн эсинде жок», — деп жазды Оторбаева.

Буга чейин, акыркы аптада, эки журналист суракка чакырылды. Алардын бири — иликтөөчү журналист, блогер Ыдырыс Исаков TikTok соцтармагына белгисиз колдонуучунун «Кыргыз, ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген баштема менен жарыяланган видеодо анын эски кайрылуусу дагы пайдаланылганы үчүн сурак берген.

Исаков бүгүн, 6-февралда дагы, Ош шаардык милициясына кайрадан суракка чакырылганын фейсбук баракчасына жазды.

Ал эми журналист Нуртилек Туратбек уулу өткөн аптанын ортосунда чакырылган. Ал суракты Кыргызстанга алып келинген уурдалган унаалар тууралуу журналисттик иликтөөсү менен байланыштырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК журналист Нуртилек Туратбек уулун суракка чакырды

Ош шаардык милициясы Ыдырыс Исаков күбө катары чакыртылганын билдирди