Ошто салык органдары ишкерлерге митингге чыгууга тыюу салышы боюнча иликтөө башталды

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппараты аймактык салык органдарына ишкерлерди жаңы шарттарда ижара келишимдерин кайра карап чыгуу үчүн суранууну тапшырган эмес. Бул тууралуу 11-мартта «Клоопко» мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эмне болду?

10-мартта интернетте бир каттын сүрөтү тараган. Анда салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларынан тез арада сатуучулар менен ижара келишимин кайра карап чыгууну, анын ичинде эки жаңы пунктту киргизүүнү суранган.

Ош шаарындагы салык кызматынын базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларына каты. Сүрөт: bespredelKG телеграм каналы.

Биринчи пунктта ижарачы ар кандай саясий мүнөздөгү кездешүүлөргө жана митингдерге катышса, мүлктүн ээси ижара келишимин бир тараптуу бузуп алышы мүмкүн экени айтылган.

«Ошону менен бирге ижарачынын аракеттеринде мамлекеттик бийликти басып алууга же аны күч менен кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө чакырыктар байкалган учурда. Анткени булар кийин ижарага берүүчүнүн атына, аброюна же кызыкчылыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп жазылган катта.

Экинчи шарт катары, ижарачынын мүлктүн ээсинин бардык ишмердүүлүк чөйрөлөрү тууралуу «тастыкталбаган терс» маалыматтарды таратпоосу, ага карата мыйзамсыз аракеттерге барбоосу көрүлгон.

Каттын астында мөөнөт кыска болгондуктан, ижара келишимдерин кайра карап чыгуу боюнча маалыматты 10-мартка чейин берүү өтүнүчү жазылган. Документте салык кызматынын Ош боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Майрамбек Карыбековдун атынан кол коюлган.

Салык кызматы эмне дейт?

Салык кызматынын борбордук аппараты учурда келишимди кайра түзүү өтүнүчү жазылган кат фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Буга чейин базарларга, кичи базарларга жана соода борборлоруна келген каттарды кайтарып алуу боюнча буйрук берилгени айтылды.

«Митингдерге катышуу же катышпоо чечими ар бир жарандын укугу жана жеке иши», — деп айтышты салык кызматынан.

Ведомстводон бардык аймактык салык органдарына ишкерлер арасында көзөмөл кассалык-машиналарды (ККМ), электрондук товардык транспорттук коштомону (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин гана күчөтүүнү тапшырганын белгилешти.

«Ошол эле учурда маалыматтык-түшүндүрүү иштери жигердүү жүргүзүлүшү керек деген талап коюлду. Эгерде жергиликтүү ишкерлер митингдерге чыга турган болсо, анда бул — түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигинин же жергиликтүү салык органдары тарабынан мындай иштердин жоктугунун көрсөткүчү. Буга ылайык, салык органдарынын жетекчилерине кызматтан бошотууга чейинки административдик чаралар көрүлөт», — дешти салык кызматынан.

Акыркы убакта ишкерлер ККМ менен ЭТТКга каршы байма-бай митингдерге чыгып жатышат. Акцияларга чыккан жүздөгөн адамдар патент системасын калтырууну талап кылышууда.