Бишкекте ишкерлер ККМ менен ЭТТКга каршы кайрадан митингге чыгышты

10-мартта Бишкекте борбор калаадагы базарлардын сатуучулары көзөмөл кассалык-машиналарды (ККМ) милдеттүү киргизүүгө жана электрондук товардык транспорттук коштомону (ЭТТК) колдонууга каршы нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын айрымдары Талас жана Ысык-Көл облустарынан келгенин айтышты.

ЖМКнын маалыматына ылайык, Горький атындагы парктагы митингге 200-300гө жакын киши келди. Сатуучулар чекене соода кылгандарга салыктын патент системасын калтырууну талап кылууда. Ошондой эле алар, бийлик даярдыктын жоктугуна байланыштуу ККМди киргизүүгө мораторий киргизүүсүн өтүнүштү.

«[Минкабдын башчысы] Акылбек Жапаров бизди контрабандистер деп атады. Бирок эгер ал чыныгы контрабандистерди көргүсү келсе, анда мамлекеттик органдардын кабинеттерин карасын. Алар ошол жакта отурушат. Биз мыйзамды сыйлаган адамдарбыз, маңдай терибиз менен акча таап жатабыз. Ал эми мамлекет бизге жардам бергендин ордуна, кошумча кыйынчылыкты түзүп жашообузду оорлоштуруп жатат», — деп айтты нааразычылык акциянын катышуучусу.

Митингге чыккандардын алдына минкабдын башчысынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү келишти. Алар митингге чыккандардын алдында сөз сүйлөп, суроолоруна жооп беришти. Бирок митингге келген соодагерлер президент менен жолугууну талап кылышты.

Күн мурун Таласта ушундай эле талап менен 500гө жакын соодагерлер митингге чыгышкан. Алар дагы президент Садыр Жапаровго ККМди киргизүүгө 5 жылга мораторий киргизүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Чакан жана орто бизнестеги ишкерлер Кыргызстандын ар кайсы шаарында ККМди милдеттүү киргизүүгө каршы митингдерге чыгышкан. Ишкерлер ККМден тышкары электрондук товардык транспорттук коштомонун (ЭТТК) киргизилишине каршы чыгышкан. Бизнес өкүлдөрү ЭТТК системасы толук иштелип чыкпагандыктан аны колдонууда кыйынчылыктар болуп жатат деп нааразы болушкан.

2023-жылдын 1-январынан тарта ЭТТКны товар жүгүрткөн ишкердикдин бардык субъектилери колдонушу керек. Февралдын аягында, Салык кызматы 2023-жылы ишкерлерде көйгөйлөр болгон үчүн ЭТТКны колдонбогон ишкерлерге айып пул салынбай турганын билдирген.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров соңку интервьюсунда өкмөт зарыл болсо КММди базарларда киргизбей туруу мүмкүнчүлүгүн карайбыз деп айткан. Ал базардагы соодагерлерге 1-апрелге чейин мөөнөт берилгенин кошумчалаган. Ошол эле кезде, Жапаров ККМ менен ЭТТКга каршы чыккандар «аткезчилик товарларды ири өлчөмдө ташып келгендер» деп билдирген.