Депутаттар сексуалдык ыдыкты азайтуу үчүн порнографиялык сайттарга тыюу салууну сунуштоодо

Иллюстративдик сүрөт

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары сексуалдык ыдыкты азайтуу жана «моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарды» коргоо максатында порнографиялык сайттарга тыюу салууну сунуштоодо. Аталган мыйзам долбоору 10-мартта коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде, «акыркы убакта жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштардын, ошондой эле инсандын руханий-адептик саламаттыгына каршы жасалган кылмыштардын саны кескин өсүп жатканы» белгиленет.

Ошондой эле «интернет кылмышкерлерге сексуалдык канааттанууну жана жабырлануучулар менен байланышты жеңилдетүүгө шарт түзүп жатканы» айтылат.

«Интернет порнографияны таратууга негизделген күчтүү индустрияга ээ. Көбүнчө кылмышкерлер өз курмандыктарына түздөн-түз кире алышпайт жана өздөрүндө сексуалдык фантазияларды ойготуу менен өздөрүн канааттандырышат. Бул үчүн адатта порнографиялык чыгармалар жана видеолор колдонулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ага ылайык, «мындай аракеттер эртеби-кечпи кылмыш жасоого алып келерине байланыштуу өлкөдө порнографиялык мүнөздү камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу зарыл» экени белгиленет.

Мындан сырткары порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти сайт же сайттын ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү талапты койгон учурдан тарта бир сутканын ичинде жок кылууга тийиш.

Эгерде, порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контенттин ээси аны өчүрүү талабынан баш тартса же жок кылуу убактысын бузса сайттын же сайттын баракчасынын ишмердүүлүгү эки айга чейин бөгөттөлүшү ыктымал.

Аны менен катар мыйзам долбооруна ылайык, кайсыл бир сайттын мазмунунда порнографиялык мүнөздөгү элементтер бар деп эсептеген ар бир адам тиешелүү мамлекеттик органга даттана алат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — эл өкүлдөрү Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Султанбай Айжигитов, Медербек Алиев, Алишер Эрбаев, Эмил Жамгырчиев, Марлен Маматалиев жана Нурлан Ражабалиев.

Порнографияны бөгөттөө

Буга чейин, 2017-жылдын декабрь айында, порнографиялык сайттарга тыюу салууну активисттер да сунушташкан. Алар «мындай сайттар жаш балдарга терс таасир берип, агрессивдүүлүгүн күчөтөрүн» белгилешкен.

Ал эми 2015-жылы Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөткөн интернет сайттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ага ылайык, Шаардык прокуратуранын доо арызын Бишкектин райондор аралык соту канааттандырып, натыйжада Байланыш агенттиги кырдаалды көзөмөлгө алмай болгон.

Бирок адистер тыюу салынган сайттарды «интернет провайдерлер чектей албасын, анткени алардын кеңселери чет өлкөдө болгондуктан, түрдүү жолдор менен өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзө беришерин» айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат 14 жашка чейинки балдарга чип тагып, телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады