Депутат 14 жашка чейинки балдарга чип тагып, телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу 14 жашка чейинки балдарга мыйзам менен телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады. Ал мындай демилгени «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында көтөрдү, ал жерде балдарга карата зомбулук маселеси дагы талкууланып жаткан болчу.

«14 жашка чейинки окуучуларга телефонду [колдонууга] мыйзам түрүндө тыюу салууну [сунуштайм]. Азыр технологиянын өнүккөн кези, эгерде баламды таппай калам, кызымды таппай калам десең чип киргизип кой. Чип менен, башка нерсе мененчи. Бул телефондун ичинде эмнелер гана жок. Коомубузду бир тарбиялык жагын ойлосок, 14 жашка чейин мыйзам түрүндө телефонго тыюу салсак», — деп сунуштады депутат.

Коргонбай уулу «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидерине кайрылып, андан демилгесин парламент жыйынында дагы айтып чыгууну өтүндү.

Балдарга карата зомбулук

Коргонбай уулу бул демилгесин Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу иш каралып жаткан шартта көтөрдү. Башкы прокуратура кыз зордукталганын дагы айткан.

5-сентябрда кызды өлтүрүүгө шектелип Кадамжай районунун 1995, 1997 жана 1998-жылкы үч тургуну кармалган. Алар Ош шаарындагы ТИЗО-5ке киргизилген.

Өспүрүм кыздын киши колдуу болушу коомдук резонанс жаратып, балдарга карата зомбулук маселеси катуу талкууга алына баштаган.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул 400 фактыдан 55и — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июль айынын аягында ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны өскөнүн билдирген.

Балдарга карата зордук-зомбулук күчөп жаткан шартта парламент депутаттары педофилдерди хирургиялык кастрациялоону сунушташты. Жогорку Кеңеште өлүм жазасын киргизүү сунушу да айтылган.

Тема боюнча окуңуз: Кыргызстандык окуучуларга сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салынат

Депутат педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады