Өспүрүмдү зордуктоо боюнча сот иши төрт жылга созулуп, ал арада жабырлануучу көз жарган

«Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун укук коргоочулары төрт жылдан бери созулган соттук иш жөнүндө айтып беришти. Бул Токмокто зордукталган 13 жашар кыздын иши.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, 2017-жылы кыз кошунасы тарабынан сексуалдык зомбулука кабылган. Зордуктоо дайыма болуп турган деп болжолдоого болот, анткени эки жылдан кийин — 2019-жылы майда — кыздын апасы жашы жете элек кызынын боюнда бар экенин билген. УЗИ кыз беш айлык боюнда бар экенин көрсөткөн.

Кызды зордуктоо боюнча иш 2019-жылы июнда козголгон. Ошондо эле тергөө учурунда кылмышка шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунан шектүү кармалган күндөн тартып эле күнөөсүн мойнуна албай, тукумсуз экенин айтып келет.

Тергөө жабырлануучу зордукталган тогуз эпизодду аныктаган. Бул убакыт аралыгында кыз көз жарган. Эксперттик комиссия эркек тукумсуз экенин төгүнгө чыгарган. Шектүүнүн адвокаттары жооп катары кардарына [шектүү], жабырлануучуга жана төрөлгөн наристеге ДНК-тест өткөрүүнү талап кылышкан. Тесттин жыйынтыгы наристенин атасы шектүү экенин 99% тастыктаган.

«Жабыр тарткан кыз адвокаттын жана соттолуучунун өзүнүн мазактоосуна чыдабай, өз жанын кыюуга аракет кылган», — деп билдиришти укук коргоочулар.

2021-жылы февралда Токмок шаардык соту шектүүнү 15 жылга эркининен ажыраткан. Бирок анын адвокаттары соттун чечимине нааразы болуп, аны [шектүүнү] актоону талап кылышкан.

2021-жылы апрелде Чүй областук сотунуда отурумдар башталып, анда шектүүнүн адвокаты Алматыда кайрадан ДНК-тест өткөрүүнү суранган. Бирок сот бул сунушту четке каккан. Кийин прокурор өзү дагы бир тест дайындоону суранган, анда соттук коллегия макул болгон.

«Биздин оюбузча, Чүй облусунун прокурору өзүнүн кызыкчылыгы бар экенин көрсөттү, анткени ага чейин ал [прокурор] айыпталуучунун жактоочусунун өтүнүчүн четке каккан болчу», — деди укук коргоочулар.

«Балдардын укугун коргоо лигасынан» азыр зордукталган кыздын баласына дагы ДНК-текшерүү дайындалганын билдиришти.

«Кылмыштын натыйжасында төрөлгөн бала төрт жашка чыгат, ал эми кылмыш иши кыз беш айлык боюнда бар кезде козголгон» — деп фонддон билдиришти.

Укук коргоочулар жабырлануучунун апасы менен кыздын «сотторго, прокурорлорго ишеними жок болгондуктан, баланы коргоого кийлигишүүнү суранышат». Алар кыздын укуктарын калыбына келтирүү үчүн чара көрүү үчүн президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана омбудсмен Атыр Абдрахматовага кайрылуу жасашкан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан. Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт.

Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында Балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597.
  • Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.
  • Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:
  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 436677
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.