Башкы прокурор: 2022-жылы балдарга карата зомбулук боюнча 438 кылмыш иши козголду

2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ал 31-январда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Башкы прокурор иликтөөнүн жыйынтыгы менен 217 иштин материалы сотко жөнөтүлүп, 20 иш убактылуу токтотулуп, 160 иш кыскартылып, дагы 41 иш боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.

«2022-жылы жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар боюнча 1 719 кылмыш иши козголгон. Алардын 512си кыскартылган, 42си бир өндүрүшкө бириктирилген, 280 иштин өндүрүшү убактылуу токтотулган, 458 кылмыш иши соттук кароого жиберилген жана 427 иш боюнча бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деди Зулушев.

Балдарга карата зомбулук

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы 417 жаш бала зордук-зомбулукка кабылган. Жабыркагандардын 118и сексуалдык зомбулукка туш болгон.

2020-жылы өлкөдө балдарга карата зомбулуктун 287 фактысы катталган. Көпчүлүк учурда зомбулук баланын ата-энеси же туугандары тарабынан жасалган.

Зомбулуктун дээрлик бардык фактыларынын жарымы — 48%ы — бакубат үй-бүлөлөр деп аталгандарда, дагы 39%ы оор турмушта жашаган үй-бүлөлөрдө катталган.

Зомбулуктан жапа чеккен балдарга кантип жардам көрсөтсө болот?

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат, ошондой эле күнүгө күнү-түнү иштейт. Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Зомбулукка кабыл болгон балдарга жардам бере турган борборлор иштейт. Төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33. Телефон: 03945 24546

Тема боюнча окуңуз: «Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн