Казакстанда 19-мартта Мажилиске (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттарды шайлоо болуп өттү. 20-март күнү кечинде Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев негиздеген бийликтин «Аманат» партиясы (мурдагы «Нур Отан») чоң айырма менен жеңишке жетти. Көрсөткүчтөргө ылайык, ал 53,9% добушка ээ болду.
Ал эми «Ауыл» партиясы 10,9% добуш менен экинчи, «Республика» партиясы 8,59% добуш менен үчүнчү орунга чыкты. Ошондой эле беш пайыздык босого көрсөткүчтү мурунку чакырылыштагы «Ак жол» — 8,41% жана Казакстан Элдик партиясы — 6,8% добуш менен жеңип чыгышты.
Акыркы орунда 5,2% добуш менен Улуттук социал-демократиялык партия турат. «Байтак» партиясы 2,3% менен добуш алуу менен беш пайыздык босогодон өтпөй калды.
Ошондой эле Казакстандын БШКсынын маалыматына караганда, «Баарына каршы» добуш бергендердин саны 3,9%ды түздү.
«Азаттык» үналгысынын казак кызматы шайлоого катышкан жети партиянын бири да өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевди жана анын администрациясын сындабаганын белгиледи.
Ага кошумчалай Казакстандын БШКсы Мажилиске жана бир мандаттуу округдарга болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Бирок жалпысынан алганда шайлоонун өзү акыркы 19 жылдагы эң төмөнкү катышуу менен өттү — ага шайлоочулардын 54,2%ы гана добуш берди.
Аны менен катар Демократиялык институттар жана адам укуктуры боюнча ЕККУнун бюросунун байкоочулары административдик тоскоолдуктар шайлоонун сапатына терс таасирин тийгизгенин белгилеп жатышат.
Алардын айтымында, өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн талапкерлердин пайда болушу менен саясий атаандаштык күчөгөнүнө карабастан, жалпысынан шайлоо процессинин ачык-айкындуулугу жана адилеттүүлүгү чектөөгө алынды.
Аталган бюронун узак мөөнөттүү миссиясынын өкүлү Оуэн Мерфи «128 шайлоо участкасынын 58инде добуштарды эсептөөгө терс баа берип жатышканын» белгиледи. Ошондой эле ал, казак бийлиги бардык саясий партияларды каттоого тоскоолдук кылып, муну менен саясий атаандаштыкты жана биригүү эркиндигин чектегенин кошумчалады.
Анын айтымында, бул шайлоо процессинин эл аралык стандарттарына туура келбейт. Мындан тышкары Мерфи, шайлоого катышууга жол берилген саясий партиялар президент Токаевдин «күн тартибине толугу менен баш ийгенин» белгиледи.
Ал эми Казакстандын Башкы прокуратурасы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизген олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун, бирок «обочолонгон фактылар» бар экенин билдирди.
Казакстандагы азыркы шайлоо Касым-Жоомарт Токаевдин 2019-жылы президенттик кызматка киришкенден берки төртүнчү шайлоо болуп калды.