Казакстанда парламент таркатылып, март айына кезексиз шайлоо дайындалды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасы — Мажилисти таркатып, маслихаттардын депутаттарынын дагы ыйгарым укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу билдирүү 19-январда казак президентинин сайтында жарыяланды.

Мажилис депутаттарынын кезексиз шайлоосу 2023-жылдын 19-мартында өтөт.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, эми Мажилистин депутаттарынын 70%ы партиялык тизме менен, ал эми 30%ы — бир мандаттуу округдардан шайланат. Аралаш шайлоо системасы боюнча шайлоо республикалык маанидеги облус жана шаарлардын маслихаттарында дагы өтөт.

Райондук жана облустук маанидеги шаарлардын маслихаттарына шайлоодо жарандар бир мандаттуу округдардан аттанган талапкерлерге добуш беришет

Токаев «мажилисти жана маслихаттарды куроонун жаңы модели шайлоочулардын кызыкчылыгын толук кандуу коргоого шарт түзөт» деп эсептейт.

«Биз Казакстанды өнүктүрүүнүн жаңы дооруна аттандык. Өлкөдө жаңылануу процесси жүрүп жатат. Бул шайлоолор коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн көрүнүшү катары калат жана биздин саясий системанын жаңыланышына чоң түрткү берет», — деп билдирди Токаев.