Парламентте «балдарга зыян келтирүүчү маалымат тараткандарды» айыпка жыгуу сунушталды

Парламент депутаты Жамиля Исаева айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнүн сунуштады, өзгөртүүлөр «балдарга зыян келтирүүчү маалымат тараткан» жарандарга айып салууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Исаева төмөнкү түрдөгү маалыматтарды тараткандарга айып салууну сунуштап жатат:

  • балдарды өз өмүрүнө кол салууга же ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирүүчү аракеттерди жасоого түрткү болчу маалыматтар;
  • балдардын баӊгизат, психотроптук же маӊ кылуучу заттарды пайдалануу, чылым чегүү, арак, сыра ичүү жана кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик кылуу каалоосун пайда кылган маалыматтар;
  • зомбулукту же мыкаачылыкты актаган, адамдарга же жаныбарларга зомбулук көрсөтүүгө түрткү берген маалыматтар;
  • үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган, салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалаган жана ата-энеге же башка үй-бүлө мүчөлөрүн урматтабоону калыптандырган маалыматтар;
  • мыйзамсыз жүрүм-турумду актаган маалыматтар;
  • уят сөздөрдү камтыган маалыматтар;
  • порнографиялык мүнөздөгү билдирүүнү камтыган маалыматтар.

Мындан тышкары, мыйзамсыз аракеттерден (аракетсиздиктен) жабыркаган балдар тууралуу маалымат тараткандарды да айыпка жыгуу сунушталууда. Андай маалыматтарга баланын ким экенин аныктоого түз же кыйыр түрдө шарт түзгөн маалыматтар кирет.

Исаева сунуштап жаткан түзөтүүлөрдүн бири ЖМК жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү. Ал аталган мыйзамга балдардын ден соолугу, дене бою, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыянын тийгизүүчү маалыматтарды жайылтууга тыюу салуу бөлүгүн кошууну сунуштап жатат.

Депутат айым «жашы жете электерге зыянын тийгизүүчү маалыматтарды тараткандарга» төмөнкүдөй айып салууну сунуштоодо:

  • жеке жактарга 2 миң сом өлчөмүндө;
  • юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө;
  • ЖМКдагы макаланын же соцтүйүндөгү маалыматтын авторлоруна 25 миң сом өлчөмүндө.

Мыйзам долбоорунун маалымкат негиздемесинде документ «балдардын жана өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык, дене бой, психикалык жана социалдык жактан ден соолугун камсыздоо, сактоо жана бекемдөө үчүн коопсуз маалымат чөйрөсүн түзүү максатында иштелип чыкканы» айтылат.

«Бул чаралар жашы жете электердин калыптанып жаткан психикасын “чоңдор үчүн” программасын таратуу негизги киреше алып келүүчү беренеси болуп эсептелген ар түрдүү тармактардын “сексуалдык жактан ачык” телевизиондук продукциялардын таасиринен коргоо үчүн иштелип чыкты», — деп айтылат документте.