Орусияда ИИМ орус тилин начар билген мигранттарга айып салууну сунуштады

Орусиянын Ички иштер министрлиги орус тилин жакшы билбеген мигранттарга айып салууну сунуштады. Мындай система тилдик рейтинг деп аталмакчы. Бул тууралуу 22-мартта Орусиянын ИИМнин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова билдиргенин «Интерфакс» жазды.

«Мигранттарга “орус тилин, Орусиянын тарыхын жана мыйзамдык негиздерди билгенине жараша жеке жактардын кирешесине салынучу салыкка аванстык төлөм катары бирдиктүү төлөнүүчү дисконттук коэффициент киргизүү” сунушталды», — деп жазды басылма.

Орусиянын ИИМи «Тилдик рейтингдин» жардамы менен мигранттарга орус тилин үйрөнүүгө стимул берүүнү каалайт. Тилди жакшы билген мигранттар үчүн мекеме салыктык жеңилдетүүлөрдү карайт.

Мекеме, ошондой эле, тилдик адаптацияны баалоо үчүн баллдык системаны киргизүүнү каалайт. Бул рейтинг чет өлкөлүктөр тууралуу фактыларды баалоо алгоритмине негизделген мигранттарды каттоо мамлекеттик системасына кошулат.

«Упайлар чет өлкөлүктөр башка өлкөлөрдө туруп орус тилинен, Орусиянын тарыхынан жана мыйзам негиздеринен сынактарга “кирүү даярдыгын” көргөн учурда да берилмекчи», — деп билдирди «Интерфакс».

Эгер мигранттардын рейтинги төмөн болсо, «адаптацияланган төлөм», башкача айтканда айып пул төлөшү керек болот. Бул сумма адаптациялык убакыттын өтүшү менен өсүшү мүмкүн, мисалы, идентификациялоочу картаны алгандан кийин бир жылдан кийин.

Орусиядагы эмгек мигранттары үчүн эрежелер

Орусияда мигранттарга тиешелүү түрдүү сунуштар байма-бай айтылып келет. Бийлик адатта алардын өлкөгө кирүү жана мамлекеттин аймагында жүрүү эрежелерин татаалдантып, ишмердүүлүгүн чектейт.

Ошентип, 2022-жылдын башында орус бийлиги мигранттар үчүн мыйзамды күчөткөн. Мигранттар үчүн өлкөгө киргенден кийин аткарууга тийиш болгон милдеттемелердин толук тизмеси түзүлгөн. Эгер мигранттар бул талаптарды аткарбаса бери дегенде өлкөдө убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскартылат.

Мисалы, эмгек мигранттары Орусияга киргенден кийин 30 күндүн ичинде нарколог, психиатр жана инфекционисттин кароосунан өтүүгө милдеттендирилет. Медициналык маалымкаттын жарактуу мөөнөтүү бүткөндөн кийин, тагыраагы, үч айдан кийин, мигрант кайрадан анализ тапшырышы керек болот.

Орусияда мигранттарга тиешелүү мыйзамдардын катаалдашканына байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешев кыргызстандык мигранттар ар үч ай сайын 6 миң рубль коротуп медициналык көзөмөлдөн өтүп турууга аргасыз болуп жатышканын айткан.

Жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, 2022-жылдын февралына карата Орусияда 1 млн кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт.

Тема боюнча: Орусияда декабрдын аягынан тартып мигранттарга карата эрежелер күчөтүлөт