Өзгөн: Милиция 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелген кишини кармады

Ош облусунун Өзгөн районунда милиция 9 жаштагы кызды зордуктоого шектеп 16 жаштагы баланы кармады. Бул тууралуу 23-мартта облустук милициядан билдиришти.

Кыз зордукталганын жабырлануучунун апасы айтып берген. Бул жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына 15-мартан тартып тараган.

Аталган факт боюнча “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” деген беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Бишкек шаарында балдарга жардам берүү борбору иштейт.

Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана+996707079597.

  • Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.
  • Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:
  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212;