«Настоящее времянын» Баткендеги чек ара жаңжалы боюнча видеосуна экспертиза жүргүзүлөт

Бишкектин Ленин райондук соту «Настоящее время. Азия» басылмасынын 2022-жылдын 16-сентябрында Баткен облусундагы чек ара жаңжалы тууралуу сөз болгон видео материалына лингвистикалык экспертиза дайындады. Мындай чечимди сот 24-мартта Маданият министрлигинин «Азаттык Медианы» ЖМК катары ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча берген доосун караган отурумда чыгарды. Доого дал ошол «Настоящее время. Азиянын» видео материалы себеп болгон.

Лингвистикалык экспертизаны Юстиция министрлигинин мамлекеттик эксперттери жүргүзөт. Алар «Настоящее время. Азиянын» видео материалында улуттар аралык кастыкты козутуу жана согуштук пропаганда барбы деген суроого жооп бериши керек.

«Азаттыктын» иши боюнча сот отуруму. Сүрөт: Kloop.

Лингвистикалык экспертиза дайындоону Маданият министрлиги өтүнгөн. Ведомствонун өкүлдөрү сотто экспертиза сюжетке тиешелүү бардык маселеге чекит коюу үчүн керектигин белгилешти.

«Азаттык Медианын» юристтери мындай экспертизага каршы чыгышты. Алар Маданият министрлиги экспертизаны «Азаттыктын» сайтын бөгөттөгөнгө чейин жүргүзүшү керектигин жана мындай экспертизаны кылмыш ишин козгобой туруп аталган иш боюнча дайындалышы мыйзамды бузарын белгилешти.

«Биз сайтты жаап салган далилдер боюнча ишти карагыла деп айттык, бирок сот Маданият министрлиги тарапты колдоду», — деди юрист Нурбек Сыдыков журналисттерге берген интервьюсунда.

Ал эми Маданият министрлигинин «Азаттык Медианы» ЖМК катары ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доосун кароо экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

«Азаттыктын» бөгөттөлүшү

«Азаттык» үналгысынын сайты 2022-жылдын октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган. Буга аталган медиада сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалында «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат колдонулган» деп билдиришкен.

Кийин ведомстводон алар анык эмес деп эсептеп жаткан материал өчүрүлмөйүн басылманын сайты бөгөттөөлүү бойдон кала берерин айтышкан.

Андан кийин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

Ал эми 2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Арыз берүүгө талаштуу материалдын өчүрүлбөгөнү себеп болгону көрсөтүлгөн.

Флай буга алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» айтып жооп узаткан.