Баткен облусунда жыл сайын март айынын ортосунан тарта өрүк гүлдөй баштайт — миңдеген гектар аянт ак-кызгылт гүлгө оролот. Мындай көрүнүш дээрлик бир, эки жумага созулат.
Өрүкзардагы көз жоосун алган кооздукту жеринен көрө албай жүрөсүзбү? «Клооп» интернет колдонуучуларынын Баткенден тарткан сүрөттөрүн сунуштайт.
Баткен облусунда жалпысынан 10 миң гектарга жакын аянтта өрүктүн 20дан ашык түрү өсөт. Жергиликтүү тургундар өрүктөрдү киреше алуу максатында тигишет.
Көз жоосун алган кооздукту көпчүлүк Жапониянын айтылуу сакурасына салыштырып, андан кем эмес экенин айтып суктанышат. Өрүк гүлдөй баштаган мезгилде Баткенге келген туристтердин да саны арбыйт.
ТЕМА БОЮНЧА:
Сүрөт: Баткенде өрүк терүү