Сүрөт: Интернеттен алынды

Маданият министрлиги 27-февралда тасмаларды кинотеатр, фестиваль, семинар жана башка иш-чараларда көрсөтүүдөн мурда тиешелүү мекемеден уруксат алуу боюнча өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.

Ал эми «Медиа Полиси Институту» жана «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери токтомго киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талдап чыгып, бул демилгени «мамлекеттик цензураны орнотуу аракети жана мыйзам бузуу» деп атады.

Эмне болгон демилге?

Министрлик «Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин тыюу салынган түрлөрүнүн категориясына кошуу жөнүндөгү токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү» боюнча долбоорду коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, чыгармачылык тармакта иштегендердин баары аудиовизуалдык эмгектерин кинотеатр, фестиваль, семинар жана башка иш-чараларда көрсөтүү үчүн атайын күбөлүк алууга милдеттүү болот.

Ал үчүн автор «Кыргыз тасмасы» мамлекеттик кино борборуна арыз бериши керек, ал эми редакциялык коллегия уруксат берүү же бербөө боюнча чечим кабыл алат.

Долбоордун негиздеме-маалымкатында, ведомстволор аралык комиссиянын жана редакциялык коллегиянын корутундусун албаган тасмалар «бир жактуу коомдук пикирди пайда кылган» учурлар болгону жана алардын «мазмуну дайыма эле өлкөнүн ички-тышкы саясатына туура келе бербеси» айтылат.

«Фильмдерди фестиваль, семинар жана башка иш-чараларда көрсөтүү үчүн күбөлүк алуу жөнүндө ченемди киргизүү уюштуруучулардын жана иш-чаранын катышуучуларынын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Фильмди жүгүртүүгө күбөлүк берүү менен байланышкан маселени жөнгө салуу “Кыргыз тасмасы” мамлекеттик кино борборунун ролун күчөтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

«Сөз эркиндигине карата кезектеги чабуул»

Ал эми «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Маданият министрлигинин бул демилгеси ой-пикир, сөз эркиндигине жана чыгармачылыкка «олуттуу чектөө киргизерин» белгилешти.

Алардын айтымында, Конституцияда адамдын жана жарандын укугу менен эркиндигин чектеген ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

«Аудиовизуалдык эмгектердин бардык түрүн көрсөтүү, анын ичинде фестиваль, семинар жана башка иш-чараларды тартуулоо үчүн милдеттүү түрдө уруксат алуу талабын киргизүү, биздин оюбузча, түздөн-түз мамлекеттик цензура менен түспөлдөш, бул Конституцияны одоно бузуу болуп саналат», — деп билдиришти укук коргоочулар.

«Медиа Полиси Институту» бул демилге Конституцияга каршы келерин жана «ой-пикир эркиндигин негизсиз чектеп», «аудиовизуалдык чыгармаларды көрсөтүүдө чексиз цензураны орнотот» деп билдирди.

«Маданият министрлигинин бул демилгесин ой-пикир, сөз эркиндигине жана маалымат эркиндигине, ошондой эле маалыматка жеткиликтүү болуу жана аны жайылтууга болгон кезектеги чабуулу катары баалайбыз», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Укук коргоочулар министрлер кабинетине Маданият министрлиги иштеп чыккан токтом долбоорун чакыртып алуу өтүнүчү менен кайрылышты.

Буга чейин «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү да бул демилгеден баш тартууну талап кылышкан. Ошондой эле алар Маданият министрлигинин токтом долбоорун «чыгармачылык ишмердүүлүккө карата цензура» деп аташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

CPJ сөз эркиндигине басым болуп жаткандыктан Садыр Жапаров менен жолугушууну суранды