CPJ сөз эркиндигине басым болуп жаткандыктан Садыр Жапаров менен жолугушууну суранды

Журналисттерди коргоо эл аралык комитети (CPJ) президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны менен жолугушуу өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу комитеттин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Катта CPJ Кыргызстанда болуп жаткан «журналисттерге каршы репрессиялар жана сөз эркиндигин басуу күчөп жатканына» тынчсызданып жатканы айтылат. «Биз бул демократиялык нормалар начарлап жатканын талкуулоо үчүн [президент Садыр Жапаров менен] жолугушууну суранат элек», — деп айтылат журналисттердин кайрылуусунда.

Демократиялык нормалардын начарлашына комитет Маданият министрлигинин «Азаттыкты» жабуу талабы менен сотко жазган доо арызын мисал келтирди. 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Сот арызды 9-февралда карайт.

Ошол эле учурда, сотко бергенге чейин Маданият министрлиги «Азаттыктык» сайтын Кыргызстандын аймагында бөгөттөгөн, буга 2022-жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалы тууралуу материал себеп болгон.

Андан кийин DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөн. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.

«Кыргызстандагы эң абройлуу жана белгилүү маалымат агенттиктеринин бири болгон “Азаттыкка” карата мындай негизсиз жана аша чапкан кадамдар “Азаттык Радиосу” көз карандысыз репортаждары үчүн куугунтукталып жатат деген ойго түртөт», — деп эсептешет комитеттегилер.

CPJ дагы бир «тынчсыздантуучу жагдай катары» иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн Орусияга депортацияланганын атады. Темиров өзү соттогу акыркы сөзүндө бул ишти «бийликтин буюртмасы» деп атаган. Шаардык сотто Темировдун жактоочулары кылмыштын курамы жок болгондуктан журналистти толугу менен актоону талап кылган болчу.

Соттун чечиминен кийин дароо эле журналистти сот залынан күчтөп алып чыгып, унаа менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Кийинчерээк журналист Москвада экени маалым болгон.

Тема боюнча окуңуз: Ачыктан-ачык куугунтук. Медиа коомчулук Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу кайрылуу жасады

Сөз эркиндигине басым жасалган дагы бир окуя деп комитет Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевдин соттолгонун аташты, ал 2022-жылдын сентябрында «аймактар аралык кастыкты козутууга» айыптуу деп табылып беш жылга эркинен ажыратылган.

Анда сот телеканалдын директорун үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алып, баш коргоо чарасын эч кайда кетпөө тил катына алмаштырган. Дүйшөнбиев сот залынан бошотулган.

Укук-коргоочулар Kaktus.media басылмасына каршы кылмыш ишин дагы эске салышты. Анда басылмага Тажикстандын «Азия Плюс» медиасына таянып, тажик тараптын чек ара жаңжалы боюнча позициясын чагылдырган макаласын үчүн кылмыш иши козголгон.

Kaktus.mediaсына каршы иш 2022 жылы февралында козголуп, кылмыштын курамы жоктугунан кайра март айында кыскартылган.

«Экөөндө тең [кылмыш иштери] чет элдик ЖМКда чагылдырылып жаткан маалыматтарды өзүнө чыгарганы үчүн эле, башкача айтканда, алар журналисттик милдетин аткарып атканы үчүн [козголгон].

Мисалга, “Азаттык Радиосу” менен Болот Темировго каршы колдонулган адилетсиз жана жазалоочу мүнөзгө ээ чаралар Кыргызстандын Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыдагы сөз эркиндигин жана мыйзамдын үстөмдүгүн сыйлоо боюнча эл аралык укуктук милдеттенмелерин бузуп, Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келтирет», — деп билдирди комитет.

Тема боюнча окуңуз: CPJ: «Азаттыкты» жабуу Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин тарыхында кара так болуп калат

Журналисттерди коргоо комитетин бийлик 2022-жылдын апрелинде кабыл алган мыйзамдары да тынчсыздандырат. «Анык эмес(жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам аткаминерлерге «өздөрүнүн чечимдерин негиздебей туруп эле веб-сайттарды бөгөттөөгө болуп көрбөгөндөй ыйгарым укуктарды берет», бөгөттөөнү алдыртууга да мүмкүнчүлүк бербейт.

«Жакында эле сунушталган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Кыргызстандагы журналисттердин катуу тынчсыздануусун жаратты, анын ченемсиз айыптары (анын ичинде ЖМКлардын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу жана жабуу) жана бардык иштеп жаткан массалык маалымат каражаттарын түшүнүксүз шарттарда толук түрдө кайра каттоо талабы, журналисттер кооптонуп жаткандай, керексиз ЖМКны электен өткөрүү үчүн колдонулушу мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүнүн аягында комитет бийлик ЖМКны уккандын ордуна ого бетер катаал мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкканын белгиледи.

«Биз сиз менен жана администрацияңыздагы тиешелүү жооптуу адамдар менен жолугушуп, жогоруда аталган окуяларды талкуулаганга [...] мүмкүнчүлүк түзүлсө абдан кубанат элек», — деп кайрылышты уюмдагылар президентке.