18-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн мурдагы президенттеринин башын бириктирип, Дубай шаарында жолукканы белгилүү болгон. Жолугушууга тактан кулатылган Аскар Акаев, бозгун президент Курманбек Бакиев, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев келген.

Бүгүн мамлекеттик телеканалдар мурдагы президенттердин Дубайдагы жолугушуусун кандайча чагылдырганын айтып беребиз.

Биз УТКР, «Ала-Тоо 24» жана ЭлТР мамлекеттик телеканалдарынын 18-февралдан берки чыгарылыштарын анализдеп чыктык.