УКМК «Альфа Телекомдун» дагы бир мурдагы жетекчисин кармады

УКМК «Альфа Телекомдун» (MEGA уюлдук оператору) дагы бир мурдагы жетекчисин кармады. Бул тууралуу 28-марта атайын кызматтан билдиришти.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ишкананын экс-жетекчиси жабдыктарды кымбат баада сатып алуу фактысы боюнча кармалды.

«“Альфа Телекомдун” IT-технологиялар боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алган», — деп билдиришти УКМКдан.

Мекеме зыяндын болжолдуу өлчөмү салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын каражатты түзөрүн билдирди. Кармалган экс-жетекчи УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК буга чейин дагы «Альфа Телекомдун» мурдагы кызматкерин кармаган. Ал ишкананын башкы директорунун мурдагы орун басары. Ишканын мурдагы өкүлү жабдууларды кымбат баада сатып алуу иши боюнча кармалган.