УКМК «Альфа Телекомдун» жетекчисинин мурдагы орун басарын кармады

10-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик «Альфа Телеком» компаниясынын (MEGA уюлдук операторунун) башкы директорунун мурдагы орун басарынын кармалганын билдирди.

Ведомстводон «Альфа Телекомго» жабдуулар жогорулатылган баа менен сатып алынганын билдиришти.

«“Альфа Телеком” ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А. жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.