Балдардын билим алууга укугун чектөө жана мектепте мыйзамсыз акча жыйноо үчүн айып салуу сунушталды

Билим берүү министрлиги «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске түзөтүүлөрдү иштеп чыкты. Министрлик балдардын билим алуу укугун чектөө жана мектептердеги мыйзамсыз акча жыйноолор үчүн айып киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору 27-мартта коомдук талкууга чыгарылды.

  • баланын билим алууга укугун бузуу же мыйзамсыз чектөө үчүн жеке жактарга 15 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 30 миң сом өлчөмүндө айып пул киргизүү сунушталууда;
  • баланы бала бакчага же мектепке кабыл алуудан негизсиз баш тартуу үчүн жеке жактарга 17,5 миң жана 15 миң сом, ал эми юридикалык жактарга учурдун экөөсүндө тең 20 миң сом айып салынат;
  • мектептерде акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу үчүн 20 миң сом айып салуу сунушталууда.

Документтин маалымкат-негиздемесинде бул мыйзам долбоорунун милдети «билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо» экени айтылат.

«Айылдагы жана шаардагы райондордо жашаган мектепке чейинки курактан баштап орто мектеп курагына чейинки балдардын көбү жалпы билим берүү уюмуна барбайт же бир калыпта барбайт. Жалпы билим берүү уюмуна такыр катышпаган же сабактарды калтырышкан, сабактарда жок болгон балдардын көйгөйлөрү азыркы учурда бир топ татаал жана балдар өздөрү алар менен күрөшүү кыйын болуп саналат», — дейт Билим берүү министрлиги.

Министрлик Улуттук статистика комитетине таянып, үстүбүздөгү окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала мектеп партасына барбаганын айтты. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнүн бир нече себептери бар: балдар иштеп, ата-энесине жардам беришет, ата-энелер балдарын диний ишенимдеринен улам мектепке жиберишпейт, ата-энелердин балдарына документтери жок жана балага туугандары тарабынан жетиштүү көңүл бурулбайт.

Ал эми мектептерде шыпыргы, тазалык, жууп-тазалоочу каражаттарды сатып алууга, күзөт жана башкаларга акча чогултууга Билим берүү министрлиги «жол берилбеши» керек деп эсептейт.

Мекемеден мамлекеттин билим берүү жаатындагы негизги саясаты ар бир жарандын акысыз жана милдеттүү түрдө башталгыч, негизги орто жана жалпы орто билимди алуусун камсыздоо экенин белгилешти.