Москвада кыргыз-тажик «Достук» ооз ачары уюштурулду

Орусиянын Москва шаарында кыргыз-тажик биргелешкен «Достук» ооз ачары уюштурулду. Бул тууралуу 30-мартта кыргыз диаспорасынын кеңешинин төрагасы Кубанычбек Осмонбеков маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чара кыргыз жана тажик диаспораларынын биргелешкен демилгеси менен 28-мартта болуп өткөн. Ага эки элдин өкүлдөрү, аксакалдары жана шаардын тургундары катышкан.

Ошондой эле салтанаттуу кечки тамакка элчиликтердин жана консулдуктардын өкүлдөрү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Ички иштер министрлиги, диний активисттер, Кыргызстандын жана Тажикстандын коомдук ишмерлери чакырылган.

«Мен өзүмдүн атымдан жалпы мусулмандарды ыйык айдын башталышы менен куттуктайм. Орозоңуздар жеңил, тилеген дубалар кабыл болсун. Эки элди бириктирген ооз ачуу достук жана дипломатиялык байланыштарды чыңдоого, элдерибиздин ортосундагы тынчтыкты жана биримдикти сактоого көпүрө болсун», — деп жазган Осмонбеков.

Иш-чаранын аягында куран окулуп, тынчтыктын, ынтымактын урматына сөздөр айтылганы кабарланды.