Ош шаарын 2023-2026-жылга өнүктүрүү программасы бекитилди

Ош шаарын 2023-2026-жылга өнүктүрүүнүн планы бекитилди. Бул тууралуу 30-мартта мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэр Бакытбек Жетигенов программа боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берген. Андан кийин программа бир добуштан кабыл алынды.

Ааталган долбоорго 13 млрд 136 миллион сом сарптоо пландалып жатат. Программаны «Улуу Жибек жолун жандандыралы» деп атоо сунушталган.

Мэриядан долбоордун милдети «экономиканы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, коммуналдык кызматтарды жакшыртуу жана бардык муниципалдык ишканаларды санариптештирүү, ошондой эле шаарды башкаруунун заманбап системасын түзүү» экенин айтышкан.

Негизинен программа төмөнкү 5 багытты камтыйт:

  • Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоо, инвестиция тартуу, туризм тармагын активдүү өнүктүрүү аркылуу жаңы ишканаларды ачуунун негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү. Келечекте Ошту туристтик борборго айландыруу пландалууда;
  • Шаарды башкаруунун заманбап системасын калыптандыруу, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, «Санарип Ош» муниципалдык ишканасын түзүү, электрондук документ жүгүртүү системасынын потенциалын жогорулатуу. Муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатууга, анын ичинде МАБдардын коомдогу ролун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат;
  • Шаардын коммуналдык чарбалык инфраструктурасын комплекстүү жакшыртуу, мында калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого, көп кабаттуу үйлөрдүн коммуналдык абалын жакшыртуу жана сырткы фасаддарын оңдоо, балдар аянтчаларын куруу, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу жана шаар калкын газ менен толук камсыз кылууну улантуу, шаардын ички көчөлөрүн жарыктандыруу жана шаар калкын коомдук транспорт менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу иштери аткарылат. Заманбап таштандыларды кайра иштетүүчү заводду курууну камтыйт;
  • Шаар куруу жана муниципалдык менчик багытында генпландын негизинде шаардын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу, шаар тургундарын ипотекалык негизде турак-жай менен камсыз кылуу, айлампа жолдордун курулушун баштоо боюнча иш алып баруу, шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөө жана социалдык имараттарды куруу менен муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу жагы каралган;
  • Социалдык тармакта билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, саламаттыкты сактоо, спорт жана маданият тармагын жана социалдык коргоо тармагын өнүктүрүү пландалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: 13 млрд сомдон ашык акча коротуу пландалган өнүктүрүү программасынын коомдук угуусу өттү