Ош: 13 млрд сомдон ашык акча коротуу пландалган өнүктүрүү программасынын коомдук угуусу өттү

Ош мэриясы 28-февралда шаардын 2023-2026-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорунун коомдук угуусун өткөрдү.

Коомдук угууга Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, шаардык кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, эксперттер, жарандык активисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалыматка караганда, аталган долбоорго 13 млрд 136 миллион сом сарптоо пландалып жатат. Программаны «Улуу Жибек жолун жандандыралы» деп атоо сунушталууда.

Мэриядан долбоордун милдети «экономиканы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, коммуналдык кызматтарды жакшыртуу жана бардык муниципалдык ишканаларды санариптештирүү, ошондой эле шаарды башкаруунун заманбап системасын түзүү» экенин айтышты.

«Сумма жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, ипотекалык жана өздүк каражаттардын эсебинен, гранттык долбоорлордон жана инвестицияларды тартуу аркылуу бөлүнөт. Коомдук угуунун жүрүшүндө катышуучулар программанын долбооруна кошумча сунуштарын беришти», — деп билдиришти мэриядан.

10-февралда Ош шаардык мэриясы шаардын борбордук бөлүгүнүн акыркы деталдык пландоо долбоорун 2 айлык мөөнөткө коомдук талкууга койгон. Деталдык пландоо долбоору 3500 гектар жер аянтына иштелген — анда шаардын перспективалык кеңейүүсүнүн чек аралары кошо камтылган.

Коомдук талкуу 2 ай бою мэриянын, шаардык кеңештин жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын сайтында турат. Мындан сырткары жер-жерлерди коомдук угуулар өтөрү айтылган.

Ош шаарынын деталдуу пландоо долбоору бир канча жылдан бери бүтпөй келген — бул аралыкта калаада мэрлер алмашты. Шаардагы укук коргоочулар жана активисттер бул калаада мыйзамсыз токтомдор чыгып, жер участоктору берилип, башаламандык орношуна себеп болгонун айтышкан.

Ал эми калаа бийлигинен долбоордун көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтпөй калганына коронавирус пандемиясы таасир эткенин билдиришип, деталдык пландоо долбоору 2023-жылы бекитилери күтүлүп жатканын белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Мэрия шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун коомдук талкууга койду