Кыргызстандык жазуучу Олег Бондаренко көз жумду

Олег Бондаренко

Кыргызстандын китеп чыгаруу жана таркатуу ассоциациясынын аткаруучу директору жана жазуучу Олег Бондаренко 63 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу 4-апрелде КРСУнун адабият тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчысы Бахтияр Койчуев билдирди.

«Олег өлкөбүздө адабиятка, китеп басып чыгарууга көп эмгек сарптаган Кыргызстандын жараны катары каза болду. Олег Бондаренконун “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты жазуучулардын чыгармаларынын казынасы болуп, кыргыз жазуучуларын дүйнөгө ачып берди», — деп жазды Койчуев.

2022-жылы апрелде Олег Бондаренкого кызыл өңгөчтүн рагы диагнозу коюлганы маалым болгон.

Теги украиналык Олег Бондаренко — адегенде Орусиянын Москва шаарында жашап жүрүп, 1992-жылдан бери Бишкек шаарында турукташып калган. Гезит жана радиодо журналист, кийинчерээк мугалим болуп иштеп, 1995-жылы Бишкекте Дианетика борборун ачкан.

Ал эми 2008-жылы ал «Кыргызстандын жаңы адабияты» аттуу Орто Азиядагы ири ачык онлайн-китепкананы негиздеген. Анда 700гө чукул кыргыз авторлорунун чыгармалары жарыяланып келген.

Аны менен катар ал, 2010-жылдан тарта Кыргызстандын китеп чыгаруу жана таркатуу ассоциациясынын аткаруучу директору болуп эмгектенген.

Мындан сырткары Бондаренко философиялык багыттагы ондон ашык китептин жана көркөм чыгармалардын автору.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто журналист, акын Жыпар Акунова менен коштошуу зыйнаты болуп өттү

Кинорежиссёр Геннадий Базаров көз жумду