Ошто журналист, акын Жыпар Акунова менен коштошуу зыйнаты болуп өттү

Жыпар Акунова. Сүрөт: Айпери Ташмаматова

10-январда Ош шаарында журналист, акын Жыпар Акунованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Акунова 9-январда 63 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзу билдирди.

Жазуучулар союзунун мүчөсү, журналист жана акын Жыпар Акунова 1958-жылы 17-июнда Нарын облусунун 8-март айылында төрөлгөн.

Ал эмгек жолун «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчылыктан баштап, бир катар облустук жана республикалык басылмаларда эмгектенген.

Аны менен катар «Мектеп» басмасынын көркөм редакциясында кенже редактор, ошондой эле Ош облусунун губернаторунун жана Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы болгон.

1997-жылдан бери «Кыргыз туусу» гезитинин Ош облусу боюнча кабарчысы, 2017-жылдан түштүк аймагы боюнча башкы редактордун орун басары болуп эмгектенип келген.

Бир нече ыр жана аңгеме жыйнактары басылып чыккан. Алгачкы ырлар жыйнагы «Шок жылдыз» 1985-жылы жарык көргөн. Мындан башка «Дил чырак», «Каректе калган жаз», «Жүрөгүңө барчу жолду издепмин», «Түштүккө түшкөн келин», «Мөлтүрөк» аттуу эмгектердин автору.

Анын аңгемесинин негизинде 2014-жылы кинорежиссёр Ырысбек Жабировдун «Түндүктүк келин» комедия жанрындагы тасмасы жарык көргөн.