Беларустун санкциядагы тактайы Кыргызстан аркылуу Европага сатылуусу токтой электиги аныкталды

Беларус иликтөө борборунун журналисттери беларустун санкциядагы тактайлары дагы эле Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Европа өлкөлөрүнө сатылып жатканын аныкташты.

Беларустун тактайларын жана жыгачтан жасалган буюмдарын Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө экспорттоого 2022-жылдын жазынан бери тыюу салынган. Иликтөөчүлөр санкциялар айрым ишкерлер үчүн жаңы финансылык горизонтторду ачканын белгилешет.

Журналисттердин маалыматына ылайык, кагаз бетинде курулуш жана чыгыш Европадан жумушчуларды тартуу менен алектенген польшалык PLRBL компаниясы 2020-жылды 77,5 миң доллар өлчөмүндө зыян тартуу менен жыйынтыктаган.

«Бирок бир нече айдан кийин, беларус тактайы санкция алдында калган соң, 2022-жылдын август айында аталган компания кыргызстандык “Адмит” деген компания менен жыгач пеллеттерди (жылуулук үчүн колдонулуучу гранулалар) жеткирүү боюнча келишим түзгөн. Дээрлик бир жарым жылда, 2023-жылдын декабрына чейин “Адмит” компаниясы PLRBL’ге 1,5 млн евролук отун жеткирип бериши керек. Баары жакшыдай, бирок пеллет өндүрүү үчүн отун Беларустан сатып алынат. Андан соң ЕБге сатылат. PLRBL беларустун жетекчилеринин бири Виталий Лешик муну жашырган дагы жок», — деп айтып беришти журналисттер.

Иликтөөчү борбордон алар PLRBL компаниясы көмүскө схемалар менен иштей турганын ырастоочу далилдерди табышканын билдиришти. Мисалы, алар кыргызстандык «Адмит» компаниясы ошол эле пеллеттерди ташыганы тууралуу эл аралык жол кагаздарды табышкан. Документте 22 тоннадан ашык жыгач гранулалары менен болгон жүк ташуучу унаа 2022-жылдын 14-октябрында Бишкекте жүктөлгөнү жазылган. Бир аптадан кийин, 22-октябрда, беларус бажы кызматы жүк өлкөнүн чек арасынан өткөнүн белгилеген.

«Документтерге ылайык, жүктү Беларуска “Евро-2006” транспорттук компаниясы жеткирген. Литвада Vivalsa кампага чейин, Вевис шаарында болсо жыгач гранулаларын Versatio деп аталган литвалык транспорттук компания ташыган. Бул жүк ташуу PLRBL компаниясынын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн», — деп белгилешти иликтөөчүлөр.

Ошол эле учурда товарлар үчүн декларацияга кыргыз бажысынын кызматкерлери кол койгон, ал эми товардын келип чыгышы тууралуу сертификатты Оштогу Соода-өнөр жай палатасы берген.

PLRBL компаниясынын аткаруучу директору журналисттерге алардын Польша менен Латвияда эле эмес, Кыргызстан менен Казакстанда да компаниялары бар экенин айткан. Токой [продукциясын] алар Беларустан сатып алышат. Ал жактан Кыргызстан менен Казакстанга жиберилип, пеллет жасалат. Ошол эле жерде документтер даярдалып, ага ылайык, чийки зат Кыргызстандыкы же Казакстандыкы болуп калат.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, кыргызстандык жеткирип берүүчү «Адмит» компаниясына беларус ишкерлери Пытко Денис Васильевич жана Мирук Владимир Игоревич ээлик кылышат. Андан тышкары, компания буга чейин да журналисттердин иликтөөлөрүндө фигурант болгон.

«“Адмит” Литвага дагы Кыргызстандан тактай жеткирген. Бирок биздин “Учурдагы убакыт. Азия” редакциясындагы кыргыз кесиптештерибиз ал иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча “Адмит” катталган дарекке барып көрүштү. Ал жерде эч кандай пеллеттер өндүрүлбөй турганына күбө болушту», — деп билдиришти алар.

«Клооптун» журналисттери да муну текшерип көрдү, бирок арбак-фирманын өндүрүмүн табууга мүмкүн болгон жок.

Беларус иликтөө борборунун журналисттери ырастагандай, беларустун тактай өндүргөн гиганттары да бул санкциялардын буйтап өтүүгө аракет кылууда, алардын арасында «Пинскдрев» сыяктуу холдингдер да бар.

«Биз сурамжылоо жүргүзгөн Литва жана Польшадагы 10 компаниянын баары телефон аркылуу Беларустун тактайларына, фанера жана пеллеттерине санкция салынгандан кийин алар Кыргызстан менен Казакстандан ташып келүүнү башташканын айтып беришти. Акыркы өлкөнүн кокустан пайда болгон экспорттук мүмкүнчүлүктөрү беларус жеке бизнесмендеринин гана эмес, “Пинскдревдин” жетекчилигинин да көңүлүн бурган», — деп айтылат иликтөөдө.

Журналисттердин маалыматына ылайык, беларус тактайына салынган санкциялар күчүнө киргенден бир ай мурда — 2022-жылдын 6-майында «Пинскдрев» холдингинин Казакстандагы өкүлчүлүгү жайгашкан Караганда шаарындагы дарегинде «Мануфактура плюс» аталышындагы жаңы компания пайда болгон. Фирманын негиздөөчүлөрүнүн катарында «Мебель KZ» соода үйү да бар. Ал эми бул соода үйдүн бирден-бир ээси — «Пинскдрев» холдинг компаниясы.

Журналисттер «Мануфактура плюс» «№1 Семипалатин тактай иштетүү заводунун» расмий дилери экенин аныкташты. Бул компания Казакстандагы чоң форматта фанера чыгарган жападан жалгыз өндүрүүчү.

«Биз “Мануфактура плюска” телефон чалып, беларустун өкүлчүлүгү Казакстанда кимдин продукциясын илгерилетип жатканын тактадык. Ал жактан “№1 Семипалатин тактай иштетүү заводу” деп жооп беришти. Эгер “Пинскдрев” бул схемага тиешеси жок деп элестете турган болсок, анда Латвия жана Польша фирмалары ири көлөмдө тактай жок болгон өлкөдөн продукция ташып жаткан болуп калат», — деп жыйынтыкташты иликтөөчүлөр.

Журналисттер бул материалды Siena, Fundacija Reporterow, Re:Baltica, «Клооп», Власть басылмалары менен өнөктөштүктө, Киберпартизан жана OCCRP’нин жардамы менен даярдашты.

Тема боюнча окуңуз: Токойчу балдар. Кыргызстан Беларуска ЕБдин санкциясын буйтап өтүүгө кантип көмөктөшүп жатат?