Видео: Парламентте мушташтан улам мандатын тапшырган Абировду кол чаап узатышты

5-апрелде Жогорку Кеңеште мушташка катышканы үчүн мандатын тапшырган экс-депутат Жаныбек Абиров акыркы жолу сөз сүйлөдү.

Абиров парламенттин трибунасынан ага колдоо көрсөткөн мурдагы кесиптештерине, төрагага жана Министрлер кабинетине ыраазычылыгын билдирди. Депутаттар ага кол чаап, аны кучактап жана колун бекем кысып узатышты.

Абировдун мушташы жана анын парламенттен кетиши

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-мартта Жаныбек Абировду Жогорку Кеңештин депутатынын мандатынан ажыраткан. Мындай чечимди БШК буга чейин Абиров өз ыктыяры менен мандатын тапшыруу боюнча арыз жазгандыктан чыгарган.

Ал эми Абиров ал арызды «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан окуядан кийин жазган.

Депутаттын мындай аракетин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сындап, «бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт» деп билдирген. Ошондой эле ал Абиров катышкан мушташ боюнча өлкө башчысы кабардар экенин айткан.

Кийинчерээк Жогорку Кеңеште депутат Абировду жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Мандатын тапшыргандан кийин Абиров ал сабаган ыкчам чара көрүү тобунун кызматкери менен жолугушуп, андан кечирим сураган.

ЖМКдагы маалымат боюнча, жабырлануучу тосмо арыз жазып, бардык дооматтарынан баш тарткан. Абиров мандатын тапшырганына байланыштуу президент Жогорку Кеңештин депутатын Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоону 28-майга дайындады. Аны өткөрүүгө 18 млн сом сарптоо пландалууда.