ЖМК: Депутат Жаныбек Абировго окшош киши Бишкектеги кафелердин биринде күзөтчүнү сабаган

Сүрөт: Видеодон скриншот

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош киши Бишкектеги кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Милиция аталган окуяны териштире баштады. Бул тууралуу 13-мартта «Клоопко» Октябрь РИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 12-мартта Октябрь райондук милициясына жарандан арыз келип түшкөн.

Ал ошол эле түнү саат 03:30 чамасында белгисиз жаран Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузуп, денесине залал келтиргенин билдирген.

Буга байланыштуу жабырлануучу Улуттук госпиталга баш мээнин жабык жаракаты деген диагноз менен кайрылган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милициядан учурда окуянын бардык катышуучулары аныкталып, тергөө иштери уланып жатканын билдиришти. Бирок видеодогу депутат Абиров же ал эмес экени тууралуу маалымат беришкен жок.

Буга чейин соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видеосу тараган. Анда «Короче» телеграм каналы белгисиз адамды муштап, сабап жаткан киши Абировго окшош экенин жазган.

Ал эми «Клооп» Абировдун өзү менен байланышууга аракет кылып, бирок мындан майнап чыккан жок.

Абиров ким?

Жаныбек Абиров 2018-жылы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланып, 2021-жылы 11-апрелдеги жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган. Ал Бишкек шаардык кеңешине 2016-жылы КСДП партиясы менен келген.

Абиров эки жогорку билимдин ээси. ЖМКларга курган маектеринде шаардык кеңешке депутат болгонго чейин бизнес менен алектенгенин, анын ичинде көмүр ташуу менен алектенген транспорттук компанияны негиздегенин айтып берген.

Анын атасы Болотбек Абиров — Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүү боюнча тендерди бир нече жыл катары менен утуп жаткан «Рассвет Компани» компаниясынын негиздөөчүсү.