Депутаттар энергетика тармагына 50 млн доллар кредит алууну колдошту

Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар кредит алуу долбоорун жактырды.

Макулдашууга 2022-жылдын октябрында Бишкекте кол коюлган.

Парламенттен бул каражат бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталарын билдиришти.

«Финансылык көрсөткүчтөр чыгымдарды кайтаруу багытындагы тарифтик жолун кармануу менен жакшырат деп күтүлүүдө. Социалдык туруктуулук тарифтердин көтөрүлүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон калктын аялуу топторун коргоо үчүн социалдык коргоо системалары аркылуу күчөтүлөт», — деп билдиришти парламенттен.

Каржылоонун шарттарына ылайык, кредит берүү мөөнөтү — 38 жыл, жеңилдетилген мөөнөт — 6 жыл. Кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздык чен — 0,75%, резервдөө үчүн максималдуу комиссиясы — 0,5%.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга кредит берери тууралуу 2022-жылдын июнунда белгилүү болгон. Анда Дүйнөлүк банктан бул сумманын жарымы гранттык негизде, калганы 0,75 пайыз менен 38 жылга насыя катары берилерин билдиришкен. Банктан долбоор Швейцариянын экономика боюнча мамлекеттик катчылыгы тарабынан каржыланып, кошумча 8 млн доллар гранттык каражат бөлүнөрүн кошумчалашкан.

Дүйнөлүк банктан долбоор 2028-жылга чейин иштей турганын билдиришкен. Анда банктан Кыргызстандын энергетика тармагы жылдар бою топтолгон көйгөйлөргө туш болгонун белгилешкен.