Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергосекторун колдоого 50 млн доллар берет — жарымы кредит

Дүйнөлүк банк 24-июнда 50 млн долларлык долбоорду бекитти, каражатты Министрлер кабинети өлкөнүн энергосекторун колдоого жумшайт. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы кабарлады.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, бул сумманын жарымы гранттык негизде, калганы 0,75 пайыз менен 38 жылга насыя катары берилет. Анын алты жылына жеңилдик каралган. Банктан кошумчалашкандай, долбоор Швейцариянын экономика боюнча мамлекеттик катчылыгы тарабынан каржыланып, кошумча 8 млн доллар гранттык каражат бөлүнөт.

«Долбоор финансылык көрсөткүчтөрдү жакшырууга, калкты жана өндүрүш ишканаларын электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоого, ошондой эле социалдык аялуу топторду социалдык жактан коргоо механизмин жакшыртууга жардам берет», — деп эсептейт Дүйнөлүк банк.