Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунун биринчи күнү үч медаль жеңишти

Кыргызстандык спортчулар Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия кубогунун биринчи күнү үч медаль жеңишти. Бул тууралуу 7-апрелде өлкөнүн дзюдо боюнча улуттук федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жанар Жолдошева жана Нурмухаммед Муратов күмүш медаль тагынса, Алина Молдокулова коло байгеге ээ болду.

Мелдеш өспүрүмдөр жана уландар арасында өткөрүлүп жатат. Турнирдин алкагында рейтингдик упайлар да ойнотулат.

Азия кубогу 7-апрелде башталган. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Греция, Гонконг, Грузия, Монголия жана АКШдан келген 400дөн ашык спортчу катышууда. Турнир 9-апрелде аяктайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык дзюдочу «Чоң шлем» турниринде биринчи жолу алтын медаль утту