Кыргызстандык дзюдочу «Чоң шлем» турниринде биринчи жолу алтын медаль утту

Кыргызстандык дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу Грузияда өтүп жаткан «Чоң шлем» турниринде (Grand Slam) алтын медаль утту. Бул тууралуу 25-мартта Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук федерациясынан билдиришти.

Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашты. Ал Куба, Бразилия, Грузиянын спортчуларын утуп, жарым финалга чыкты. Ал жарым финалда дагы Грузиянын дзюдочусу менен беттеш өткөрдү, ал эми финалда монголиялык спортчуну жеңди.

Улуттук дзюдо федерациясынан Айбек уулунун бул жеңиши Кыргызстандын дзюдо тарыхындагы «Чоң шлем» турниринен уткан алгачкы алтын экенин белгилешти.

«Чоң шлем» турнири 24-мартта Грузиянын Тбилиси шаарында башталган. Мелдеш 26-мартка чейин созулат. Ага 61 өлкөдөн келген дзюдочулар катышып жатат. Дзюдо боюнча «Чоң шлем» турнири — Олимпиада оюндары жана дүйнө чемпионатынан кийинки эле эң престиждүү турнир.