Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал жактан президенттер кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташканын айтышты.
Бул 17-мартта Гаага Эл аралык соту орус президенти Владимир Путинди кармоого ордер чыгаргандан бери Жапаровдун аны менен сүйлөшкөнү тууралуу биринчи расмий билдирүү.
Анда Гаага соту Путин «бери эле дегенде 2022-жылдын 24-февралынан бери» балдардын Украинадан Орусияга депортацияланганы үчүн жеке жоопкерчилик тартат» деп билдирген. Ушул эле иш боюнча Орусиянын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Беловага да ордер чыгарылган.
Путинди камакка алууга берилген ордер — эл аралык коомчулуктун орус аскерлеринин 2022-жылдын 24-февралынан тартып Украинага толук кандуу кол салып жатканына жооп катары көрүлгөн чаралардын бири. Буга чейин көптөгөн Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы мурда колдонулуп көрбөгөн санкцияларды киргизишкен.Гаага сотунун юрисдикциясын 123 мамлекет тааныйт. Рим статутуна АКШ, Кытай, Индия, Орусия, Израиль, Түркия жана Иран кол койгон эмес. Кыргызстан документке 1998-жылы кол койгон, бирок аны ратификациялай элек.
Эл аралык жазык сотунун чечимине ылайык, Путин Рим статутун ратификациялаган өлкөлөрдүн бирине барып калса камакка алынышы керек. Бирок эл аралык жазык сотунун мурдагы судьясы Говард Моррисон «Новая газета. Европага» курган маегинде бул символик гана кадам экенин айткан.
«Маселе Эл аралык жазык соту — макулдашууларга негизделген сот экенинде. Югославия жана Руанда боюнча трибуналдарга караганда, анын VII бөлүгүнө ылайык [БУУнун уставында] көрсөтүлгөндөй, БУУнун Коопсуздук Кеңеши көрсөтүп бере алгыдай ыйгарым укугу жок.
Трибуналдар башка мамлекеттерди кызматташууга мажбурлай алат, ал эми Гаага соту намысы бар мамлекеттердин гана колдоосунан көз каранды, андай колдоо дайым эле боло бербейт», — деп түшүндүргөн Моррисон.
Мисалы, ал Рим статутун ратификациялаган Тажикстанда Путин кармалып калышы мүмкүн деген сценарий жүзөгө ашышы мүмкүн эмес деген. Ал Путин баары бир деле алдын ала келишпей туруп эч жакка барбасын белгилеген.
Путинди кармоого ордер берилгени жана Орусиянын Украинага кол салып жатканына карабастан Кыргызстандын бийлиги орус тарап менен мурдагыдай эле кызматташып, дайыма достук мамилерди бекемдөө керек экенин айтып келет.
ЖККУ жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө Кыргызстан, Британиянын The Economist журналынын маалыматына ылайык, «Орусияга дос өлкөлөрдүн» тизмесинде үчүнчү орунда турат.
Эксперттер Кыргызстан Орусияга батыш санкцияларын буйтап өтүүгө жардам берип жатат деп болжошот. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын маалыматына ылайык, Кыргызстан акыркы бир жылда Орусияга товар реэкспортунан 36 млрд сом киреше тапкан.
Дагы окууңуз: Украинадагы согуш: Гаагадагы Эл аралык сот Путинди камакка алуу боюнча ордер чыгарды