Украинадагы согуш: Гаагадагы Эл аралык сот Путинди камакка алуу боюнча ордер чыгарды

Гаагадагы Эл аралык жазык соту Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алуу боюнча ордер чыгарды. Буга Украинанын басылып алынган аймактарындагы жаш балдардын Орусияга мыйзамсыз, мажбурлап алып чыгарылганы негиз болду. Бул тууралуу соттун расмий сайтында айтылат.

Эл аралык сот тургундардын жана жаш балдардын мыйзамсыз депортацияланышын аскердик кылмыш жана украиналык балдарга зыян келтирүү деп баалады.

Маалыматка ылайык, депортация боюнча аскердик кылмыш «жок эле дегенде 2022-жылдын 24-февралынан бери жасалып келген».

Ушундай эле жүйө менен Орусиянын балдар укуктары боюнча өкүлү Мария Львова-Белованы да камакка алуу боюнча ордер берилди.

Украинанын башкы прокурору Андрей Костин бул Украина жана бүткүл эл аралык укук системасы үчүн тарыхый чечим болгонун белгиледи.

«Эми дүйнө лидерлери анын [Путиндин] колун кысып же аны менен сүйлөшүүгө отурардан мурда үч ирет ойлонушат. Дүйнө орус режими кылмышкер, анын жетекчилиги жана өнөктөштөрү жоопко тартылат деген белги алды», — деди ал.

Костин эл аралык сотко украиналык балдарды Орусияга күч менен депортациялоо боюнча 40 томдон ашык материал берилгенин кошумчалады. Анын айтымында, Донецк, Луганск, Харьков жана Херсон облустарынан 16 миң бала депортацияланганы каттоого алынган.

«Бирок чыныгы көрсөткүч алда канча көп болушу мүмкүн. Бул Орусиянын Украинаны мамлекет катары, украиндерди улут катары жок кылууга багытталган пландуу саясаты экени талашсыз. Балдарыбызды уурдоо менен Орусия, түз эле мааниде, биздин келечегибизди уурдап жатат», — деди ал.

Ал эми орус бийлиги буга жооп кылып, эл аралык жазык сотунун мыйзамдуулугун тааныбай турганын билдирди.

«Биз суроонун түзүлүшүнүн өзүн чектен чыккандык жана кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Орусия бир катар мамлекеттер сыяктуу эле, бул соттун мыйзамдуулугун тааныбайт, демек, укуктук жаткан алганда, Орусия үчүн мындай чечимдер жараксыз деп эсептелет», — деп белгиледи Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев «бул кагазды кайда колдонуу керектигин түшүндүрүүнүн кереги жок» деп жазып, даарат кагазынын белгисин тиркеген.

Украиналык балдарды депортациялоо

Йель университетинин Гуманитардык изилдөө лабораториясынын докладында төрт айдан 17 жашка чейинки кеминде 6 миң бала (анын ичинде ата-энеси же камкорчусу барлар дагы) Украинадан Орусияга күч менен алынып келингени айтылат.

Докладдын авторлору балдар «кайра тарбиялоо», «интеграция» программалары жүргүзүлүп жатканын жайкы лагерлерге жана мурдагы пионер лагерлерине жөнөтүлгөнүн жазышкан. Алардын айтымында, балдарга «тарых боюнча орустардын версиясы» айтылып, «Орусиянын саясий кызыкчылыгына кызмат кылган идеяларды» сиңиришкен.

Изилдөөчүлөр Орусиянын балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы украиналык балдарды мажбурлап алып кетүүдөгү «негизги адамдардын бири» деп аташкан. Ал 2023-жылдын февралында Путинге Мариуполдук 15 жаштагы баланы асырап алганын айткан.