Кемпир-Абад иши: Президентке камактагыларды айыпташ үчүн жалган маалымат берилген

Кемпир-Абад иши боюнча камактагы саясатчы, укук коргоочу жана активисттер Жогорку Кеңешке кайрылып, депутаттардан алардын иши боюнча ИИМдин өкүлдөрү менен ачык жыйын өткөрүүнү суранышты.

Иштин фигуранттары алар «Массалык башаламандык уюштурууга» айыпталып камакка алынышканын, андан кийин президент Садыр Жапаров Элдик Курултайда камактагылар «элди портер менен ташып», бийликти басып алышмак болгон деп айтканын эске салышты.

«Алты ай өттү. ИИМ бирөөбүздөн дагы курал, жарылуучу зат же миллион доллар эмес, бир сом дагы таба алган жок. Биздин аракетибизде кылмыш курамы жок экени далилденди», — деп айтылат кайрылууда.

ИИМ айласы кеткенде, биздин 2-3 жыл мурдагы постторубузду, мамлекеттик, көз каранды эксперттерге берип “С. Жапаровтун кадыр-баркына шее келтирген”, “баш аламандыка чакырык жасаган” деген тыянак чыгартып, бизди таптакыр башка “кылмышка” күнөөлөй башташты. Эми болсо, камактагылардын айтымында, ИИМ айласы кеткенде алардын «2-3 жыл мурдагы постторун мамлекеттик, көз каранды эксперттерге берип, “президент Жапаровдун кадыр-баркына шек келтирген”, “баш аламандыка чакырык жасаган” деген тыянак чыгартып» таптакыр башка кылмышка күнөөлөй баштады.

«ИИМ бизди “уюштуруучулар” деп камап, эми “чакырык жасаган” дегенге өттү. Тергөө өздөрүнүн мыйзам бузуусун ушул жол менен жаап жашырууда», — деп билдиришти алар.

Иштин фигуранттары «президенттин тегерегиндегилерден бирөө Кемпир-Абадчылар боюнча жалган маалымат берип, бизди каматып, өлкө башчысын атайылап уят кылды» деп ойлошот.

«Президентке жалган маалымат берген адам, тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор президентти өлкө ичинде гана эмес, дүйнө жүзүнө уят кылды. Саясий опоненттерин, укук коргоочуларды, активисттерди жана журналисттерди жалган маалыматка ишенип каматты», — деп билдиришти камактагылар.

Алар Жогорку Кеңеш менен президентти сот системасы менен укук коргоо органдарында чыныгы реформа жасоого дагы чакырышты.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан. Алардын баары суу сактагычтын Өзбекстанга өтүшүн ачык сындашканы камакка алууга негиз болду деп эсептешет.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткени менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде дагы деле ТИЗОдо отурат.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул мындай чечим негизсиз деген адвокаттардын нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөр жарым-жартылай алынып салынган.