ИИМ Кемпир-Абад ишин толук жашыруун кылды. Сот жабык тартипте өтүп турат

ИИМдин тергөөчүлөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан саясатчылар, активсттер жана укук коргоочулардын жапырт кармалганы боюнча ишти жашыруун кылышты. Бул тууралуу «Клоопко» жактоочу Канат Хасанов билдирди.

Анын айтымында, адвокаттар иш жашыруун кылынганы тууралуу токтомду көрө элек, ошондуктан мындай чечимге эмне себеп болгонун билишпейт.

«Кемпир-Абад иши боюнча “жашыруун” белгиси бар делген токтомду чыгарышты. Мен тергөөчүдөн буга эмне негиз болгонун билүүгө аракет кылдым, бирок тергөөчү так жооп бере алган жок […] Эртең токтомду алганы барып, андан ары кандай кыларыбызды ойлонобуз», — деди Хасанов.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында милиция бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 30га чукул адам кармалган.

Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Алардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.