Башкы прокуратура: Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар адамдарга багытталган акча кымырып алынган

Иллюстративдик сүрөт

Талас облусунда Эмгек министрлигинин жана «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери мамлекеттик бюджеттен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар адамдарга бөлүнгөн каражатты кымырып алган. Бул тууралуу 17-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратура тергөөнүн жыйынтыгында Эмгек министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын беш кызматкерин жана «Кыргыз почтасынын» Талас районундагы филиалынын алты кызматкерин бул ишке шектүү катары аныктады.

Аларга «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык жасалмачылык» жана «Документтердин жасалмасын жасоо» беренелери боюнча айыптоо тагылды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, айыпталуучулар мамлекеттик бюджетке келтирген зыяндын ичинен 7 млн 111 586 сомун кайтарган. Учурда бул кылмыш иши кароо үчүн сотко жиберилген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин январда берген маалыматы боюнча, өлкөдө 229 миң аз камсыз болгон үй-бүлө бар, алардын ичинен 103 миңине мамлекет тарабынан «үй-бүлөгө көмөк» катары ай сайын 810 сом төлөнөт.

Ага кошо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан социалдык жардам программаларын бекемдөө үчүн 30 млн доллар өлчөмүндө үстөк пайызы жок насыя алуу пландалган.

Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бул акчадан 100 миң сомдон «Социалдык контракт» долбоору боюнча 10 миң жакыр үй-бүлөгө таркатылат. Бул акчаны алгандар бизнес ачып, өздөрүн киреше булагы менен камсыздашы керек. Ошондо депутаттар министр адамдар алган каражатты кайда жумшарына тыкыр көз салышы керек деп эскертишкен.

Улуттук статкомдун расмий маалыматына ылайык, 2021-жылы өлкөдө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн саны 2,2 млн адамды түзгөн. Бул өлкө калкынын 33,3%ы. Алардын ичинен 407 миң жаран же 6%ы жакырчылыктын чегинде жашайт. Аналитиктер жакырчылык шаар жана айыл жергесинде да өсүп жатканын айтышууда.

Автору: Бурулсун Жумалиева