Эмгек министрлиги: Өлкөдө 200 миңден ашык үй-бүлө жакыр жашайт

Өлкөдө 229 миң үй-бүлө жакыр жашайт. Бул тууралуу 30-январда парламенттик комитеттин жыйынында Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

«Бүгүнкү күндө бизде 229 миң [жакыр жашаган] үй-бүлө бар. Анын ичинен 103 миң үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” [жакыр үй-бүлөлөргө ай сайын 810 сомдон бериле турган социалдык төлөм] алышат», — деди Базарбаев.

Мындан тышкары, Базарбаев министрлик Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан социалдык жардам программаларын бекемдөө үчүн 30 млн доллар өлчөмүндө үстөк пайызы жок насыя алууну пландап жатканын билдирди. Анын айтымында, бул акчадан 100 миң сомдон «Социалдык контракт» долбоору боюнча 10 миң жакыр үй-бүлөгө таркатылат. Бул акчаны алгандар бизнес ачып, өздөрүн киреше булагы менен камсыздашы керек.

Анткен менен депутаттар ушул эле жыйында министр адамдар алган каражатты кайда жумшарына тыкыр көз салышы керек деп эскертишти.

«Элге ишенич бар. Мунун кайтарымы бар, бирок жүз сом алсаң, жүз сом кайтарасың, бирок үч жылдан кийин деп койсо, элде баары бир башкача сезим пайда болот да. Анан бул кайтарымсыз, сага болгон боорукерлик деп койсо, кыйын болуп калат эртең», — деди депутат Адахан Мадумаров.

Социалдык контракт

«Социалдык контракт» долбоору биринчи жолу 2021-жылы БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен пилоттук тартипте ишке киргизилген. Анда Жумгал жана Кадамжай райондорунан аз камсыз 100 үй-бүлөгө кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон берилген.

2022-жылы долбоорду улантуу чечими кабыл алынып, ал үчүн 2 800 үй-бүлө тандалып алынган. Бул максатка бюджеттен 292 млн сом бөлүнгөн.

Улуттук статкомдун расмий маалыматына ылайык, 2021-жылы өлкөдө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн саны 2,2 млн адамды түзгөн. Бул өлкө калкынын 33,3%ы. Алардын ичинен 407 миң жаран же 6%ы жакырчылыктын чегинде жашайт. Аналиктер жакырчылык шаар жана айыл жергесинде да өсүп жатканын айтышууда.