Сүрөт: Дмитрий Мотинов / «Клооп»

Кыргыз бизнесинин символу жана легендасы болгон «Шоро» оор делген 2022-жылды 1 млрд сом киреше таап, рекорд коюп жапты. Бизнестин өсүшүн керек болсо, компаниянын эң көп сатылган товарларынын — куйма максым жана чалаптын кымбаттаганы да токтото алган жок. «Шоронун» пландары Чыңгыз хандыкындай эле: Казакстандан кийин эле кыргыздын улуттук суусундугун Өзбекстан менен Пакистандын базарына киргизүү. «Клооп» компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумадил Эгембердиев менен ишкананын ийгиликтүү тарыхын эстеп, келечеги тууралуу маектешип, мунун баары жаш ишкерлерди эмнеге үйрөтө аларын түшүндүрүп берүүгө аракет жасады.

Бул интервью — «Клооптун» Made in KG рубрикасынын кезектеги чыгарылышынын бири. Анын максаты — ишкердикке жаңы кадам таштаган кыргыз ишкерлерине баалуу кеңештерди берип, бутуна бекем туруп, өндүрүштү жолго салган компаниялардын башынан өткөргөн окуяларын айтуу менен аларга дем берүү. Бул долбоорду Фридрих Науман фондунун «Эркиндик үчүн» колдоосу менен жасап жатабыз.

«Шоро» — 90-жылдардын башында негизделип, ошол боюнча профилдик ишмердүүлүгүн, брендин жана негизги продуктусун сактап калган постсоветтик мейкиндиктеги саналуу компаниялардын бири. Анын тарыхы — улуттун байлыгы. 1992-жылы Бишкектин «Дордой» базарында Табылды менен Жумадил кыргыздын улуттук суусундугу болгон максымды флягалап сатса, азыр Бишкекте тамак-аш продуктусунун түрдүү ассортиментин чыгарган автоматташтырылган эки жана Оштогу бир заводго айланды.

Бүгүн Кыргызстанда бир нече бөтөлкө чалап, максым, жарма же бозосу жок дүкөндү табуу кыйын — алар жок болсо, аталган маркага тиешелүү минелардык суу же квас турган болот. Мезгилге жараша «Шородо» 400дөн 1000ге чейин адам иштейт — алардын ичинде кун жылыгандан баштап Бишкектин эл көп өткөн көчөлөрүндө челек менен муздак суузундук саткан «Шоро эжелер» да бар. Бир туугандардын мындан башка да кичи бизнестери бар экени белгилүү — «Супара» этнокомплекси менен «Кара-Булак» туристтик долбоору.

Бирок Жумадил Эгермбердиев компаниянын негизги ээси, агасы Табылды каза болгондон кийин токтоп калган жок. Ал тыңчыдай эле дүйнө кыдырып, кыргыз суусундугун сатуу үчүн жаңы базарларды изилдеп жана өлкөсүндө ишке ашырууга боло турчу бизнестин сырларын үйрөнүүдө. Ошондой эле ал Табылдынын компаниясы жана үй-бүлөсү жөнүндө бүтпөй калган китебин аягына чыгарган. Кийинчерээк жердештери андан «Шоронун» түптөлүшү, кыйчалыш мезгилде Кыргызстандагы көпчүлүктүн оюна да келбеген нерсени — туугандарын кызматтан кетиргени тууралуу маалымат алышат.

«Акчаны кап менен ташып, топуга чейин салчубуз»

– Кайсы гана бизнес болбосун — бул идея. Максым сатууну байкеңиз менен беш жыл бою кыялданган экенсиздер…

Сүрөт: Сергей Наумов «Клооп» үчүн

— Жети. Бул идеяны жети жыл ойлонуп жүрдүк. 1992-жылы Дордойдо максым сата баштадык. 28-майда биринчи эки фляганы базарга алып келдик. Ал эми идея 1985-жылы ойго келген. Адамда кызыктай эле идеялар жаралат, бизде деле ошентип пайда болгон.

Ал кезде өлкөдө эч кандай деле бизнес болгон эмес. Болгону Горбачевдун кайра куруу кыймылы, өзгөрүүнүн илеби гана башталган. Бизге окшогон адамдар — бизнесмендер жана түпкүлүгүндө эле жөндөмдүү кишилер — ушундай убакытты, базарды, эркиндикти күтүшкөн. Анда 34 жашта болчумун. Ал эми бизнести баштаганда мен 39да, агам 41де эле. Жарты өмүрдү жашап койгондон кийин баштадык.

— Канча сом менен иш баштадыңыздар эле?

– Акча деле кеткен эмес. Бир-эки кап арпаны казанга кууруп, тегирменден өткөрүш керек болчу. Андан кийин эки фляга максымга 5-6 кг талкан менен суу керек болду. Аны кайнатып флягага куюп, ачытып, сатыш керек эле. Муну менен пенсия курагында алектенсе боло турган. Башка эч нерсе деле керек эмес эле.

Ошол кезде максымды канчадан сатканыбыз эсимде жок, бирок кымбат болчу. Анда рубль арзандап, катуу инфляция болуп турган, ошондуктан акча чөнтөккө батпай калган. Үйгө акчаны мүшөктөп алып келчүбүз. Топунун астына, тигил жак, бул жагыбызга — бардык жерибизге салчубуз.

Апам көрөрүү менен: «Ой, жакшы саткан турбайсыңарбы!» деген. Ага чейин апам каршы болчу. Эмнеге экенин билбейм?

Кыргыздар соодага жок деген түшүнүк бар эле. Өзбектер сата беришчү, кыргыздар үчүн бул «уят» эле.

Апабыз айылда турчу, өзүбүз деле тоодон түшүп келенбиз: Суусамырда, бийик тоолуу жерде туулуп-өскөнбүз. Биз: апа, кыжаалат болбоңуз, сатуу жагын өзүбүз колго алабыз десек, ал «ии уят ко» деп чыйпылыктап калчу…

Аны шаарга алып келүүгө көндүрүү үчүн эки жыл аракет кылдык. Кыскасы күчкө салып эле алып келдик. Бул жерде, Арашан айылынан үй сатып алдык, баарын ошол жерде жасай турган болдук. Короонун ичинде жерди калак менен оюп, үч ташты койдук дагы, ага казан асып, тезек жагып кайната баштадык. Бир казан кайнатсак — эки фляга чыкты, эки саатта сатылып кетти.

— Бизнесиңиздер жүрүшө баштаганын качан түшүндүңүздөр?

— Дароо эле. Апам дагы, биз дагы кубандык. Базардан саат үчтөрдө кайттык, ары-бери болгончо эле ал акчага чөмүч, май, ун сатып алдык. «Апа, эми төрт фляга максым кайнатабыз» дедик. Эртеси күнү жекшемби болчу, төрт фляга максымды ошондой эле эки саатта сатып жибердик.

Дордойдогу негизги кардарларыбыз акча алмаштырып иштегендер эле. Ал жерге казакстандык, өзбекстанык кишилердин баары доллар алмаштырганы келише турган. Күн ысык, суусундук ичкиң келет, жакын жерде кола саткан жер жок, алар ошол жердеги крандан суу ичишчү экен. Ал жерде максым пайда болгондон кийин — өзүбүздүн суусундук да, билишет, баары бизге кезекке туруп калышты: орустар дагы, татарлар, өзбектер да.

Апабыз 60 жашында өзү кууруп, өзү жасап, түнү менен уктачу эмес. Ал кезде Дордой аптасына эки эле күн иштечү. Кийинки жумада алты фляга алып келип, сатып жибердик. Кийинкисинде Дордойго он фляга алып чыктык — шайтан алгырдыкы десе, бир фляга калып калса болобу. Эмне кылабыз? Төгүп салсаң убал.

«Кел Ош базарына алып барып көрөбүз, ал жакта дагы эл бар да» дедик. Алып барып, орун алдык, ал жерден менттер жолтоо болуп, мушташ башталды. Бирок ага карабай бир саатын ичинде баарын саттык.

Анан ойлондук: бул жерде базар күнүгө иштесе Дордойдун бизге кереги эмне? Эртеси эле күнү Ош базарга 12 фляга алып келдик. Андан кийин 16, 20, 40 фляга болду. Кийин тоннаны, анан үч, төрт, беш тонна болуп отуруп, жасаганга жетишпей калып жаттык.

—Тонналап сатыла баштаганда деле үйдөн даярдап жаттыңыздарбы?

— Ооба. Сегиз жыл, 2000-жылга чейин үйдөн кайнатып жаттык. Узундугу 15 туурасы 8 метрлик жыгачтан жасалган цех ачтым, анда 20 казан турчу. Кийин ал дагы жетпей калды [ошондо гана өнөржай өндүрүшү тууралуу ойлоно баштадык]. Анан максымыбызды элге алып чыгууну чечтик — дүкөндөгү текчелерде кола, минералдык суу, квас сыяктуу эле турсун дедик. Биздин дайыма үйдөн ичкен, апамдын күнүгө жасаган суусундугу базарда колдон сатылып жатканы намысыбызга тийди.

— Азыр биз сатып алып жаткан максым — так эле апаңыздын жасаганына окшошпу?

— Азыр башкача, технологиясы менен рецебин дайыма жакшыртып турабыз. Кишилер мурда максым үчүн арпаны өздөрү элеп алышчу — дандын кабыгы менен ичкен учурлар да болчу. Анан ар кимдики ар кандай болчу: айрымдары данды айда кууручу, башкасы өтө деле кууручу эмес. Башында биз деле арпа менен жасап баштаганбыз. Кийин буудай коштук —жакшы болду. Жүгөрү кошуп көрдүк — сонун болду. Кичине сулу коштук — андан да сонун болду. Ошентип, издеп отуруп идеалдуу даамга жеттик.

Шаарда сатылган аккан суудай муздак суусундук

— Токсонунчу жылдар оор мезгил эле. Бизнесиңерди тартып алуу аракети болгонбу? Балким «коргоп беребиз» дегендер чыккандыр? Коргогону үчүн кимдир бирөөгө акча берген учурлар болду беле?

— Жок. Ал кезде [криминалдын] авторитети Рыспек [2006-жылы атып өлтүрүлгөн Акматбаев] болчу. Ал Чолпон-Атага эстелик куруп жатып бизден жардам сурап кайрылды. Ошондо [жардам катары] «Жигули» сатып бергем — унааны кимдир бирөөгө бермек окшойт. Ошентип, адамча жардам сурап келди, биз жардам бердик. Антип акча берген учурлар болгон эмес. Ал кээ бир аткаминерге караганда адамдарды жакшы түшүнчү. Сөзүнө турган киши эле.

— Өзүңүздү биринчи жолу качан бай адам катары сездиңиз?

— Материалдык жактанбы? Дароо эле, ашыкча акчабыз бат эле пайда болду. Бирок анын баарын кайра эле ишке жумшадык, өзүбүз болсо ижарага алынган батирлерде жашадык. Өзүмө 12 жылдан кийин гана үй салдым, байкем дагы.

Негизи бизнесте дайыма эле акча жетишсиз, ошондуктан кирешени кайра инвестицияга жумшап туруш керек.

Эгер унаа же үй сатып алуу үчүн иштесең, бул ишкердик эмес, жөн гана акча табуу. Башында эле улуттук тамак-ашты, кыргыз элинин жашоо образын жайылтуу, сүрөмөлөө биздин миссиябыз болгон.

— Насыя алып көрдүңүздөр беле же киреше менен эле өнүгүп келатасыздарбы?

— Алып көргөнбүз. 1995-жылы немис фондунан жабдык алуу үчүн 90 миң доллар насыя алдым, кийин «Кыргызстан» банкынан жумушка керектү унааларга деп кредит алдым. Ал кезде үстөк пайызы 20дан ашык болчу.

– Чын эле, жабдыктарды кайдан таптыңыздар? Бул деген сыра эмес го — дүйнөдө чалап менен максым үчүн атайын жабдуу жасап чыгарышпайт да.

— Буга байкем экөөбүздүн тең Техникалык институтту бүтүргөнүбүз жардам берди, экөөбүз тең инженербиз. Ошондуктан өзүбүз ойлоп таап, жасадык. Бул жактагы, Орусиядагы заводдордон өйдө: «кайнатма мештерди жасайсыңарбы? Эмне кайнатканы жатасыңар, кваспы?» деп сурагандар болду. «Жок, бул максым!» деп техникалык тапшырманы койдук. «Аралаштыргычы ушундай формада, түтүгү 70 мм болушу керек. Анткени сүткө ыңгайланышкан 40 мм аралаштыргычты максымга колдонуу жарабайт. Ал эми [андан да коюу] бозо үчүн ушундай сордургуч койгула» дедик.

Улуттук суусундуктар мурда казанда кайнатылса, азыр ири өндүрүштүк көлөмдө даярдалат. Бирок андан дагы деле куурулган дандын жыты келип турат. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / «Клооп»

Кийин кантип суутуш керек? деген маселе чыкты. Сүт үчүн пластинка-пастеризатор колдонулат, бирок анын ичке жылчыктарынан биздин коюу суусундугубуз өтпөйт.

Анан агын сууга суута баштадык. Аламедин суусунун боюнан үй сатып алдык, 50 мм түтүктүн ысык суусундук өткөн бөлүгүн дарыянын алдынан өткөрдүк. Түтүк аркылуу ысык суусундукту айдаганда, дарыянын үстү кадимкидей буулана түшөт. 50 метрдик түтүктөн суусундук ысык болуп чыкты. Аны дагы 50 метрге узарттык — муздак болуп калды. Кийин 15 метрди алып салганда суусундук ачыткы кошууга даяр абалда, 36 градус болду.

Ошентип, тажрыйба менен технологияны бир жолго коюп алдык. Негизи эле бизнесте болобу, турмуштабы эң кымбат берсе — бул тажрыйба.

— Дарыянын жээгиндеги үй — баары бир өзүңөр эле жасаган нерсе да. Чыныгы өндүрүшкө качан өттүңүздөр?

– 2000-жылы Бишкектеги Сүт заводун сатып алганда өттүк. Анда мыйзам боюнча, мамлекет заводду сата алмак эмес. Бирок сүт өндүргөндөр жаңы заводго көчүп, ал эми эскиси — цехтер жана беш гектар жер — жөн эле туруп, талкалана баштаган. Анан байкем прьемер-министрге барып, сатууга уруксат берүүгө көндүрүп келген.

[Заводду] 1 млн сомго сатып алдык — ал кезде жакшы элек акча болчу, ошол эле маалда арзан.

Дароо эле оңдоо иштерин баштап, өндүрүштү толук көчүрүп кеттим. Бөлүп-бөлүп оңдодук. Алгач максым чыгарган 500 чарчы метрлик цехти оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк: казандарды орнотуп, көмүр жагылуучу мештерди ширеттик, заводдун скважинасынан муздатуучу түзүлүш жасадык. Кийин кеңсе оңдолду — ошентип баары жолго коюлду.

— Кыргыздын улуттук суусундугун мындай масштабда сиздерге чейин эч ким жасаган эмес. Туруктуу сапатка кантип жете алдыңыздар?

— Технология менен менеджментти жолго коюуга, адамдарды окутуп, сапатты көзөмөлдөө системасын түзүүгө 2006-2010-жылдар аралыгында жетиштик. Башында суусундуктарды — максымды, кийин аралаш менен айранды — бөтөлкөлөргө кол менен куйчубуз. Өтө жай болчу. Кийин украиналык адистерди чакырып, кантип иштээрибизди, эмне суусундук экенин көрсөттүк. Алар 2013-жылы Украинада линия жасап, алып келип ишке киргизип, өткөрүп беришти. Сонун болду! Ошондон бери суусундуктар автоматтык түрдө куюлат.

– Мындай өндүрүш үчүн өзгөчө адистер талап кылынса керек? Алар көп жылдан бери иштешеби? Тез эле жумуштан кеткендер жокпу?

— Адистер 20 жылдан бери иштешет. Жумуштан кеткендер деле бар, бирок өтө аз. Негизи адамдар «Шородон» кетүүнү каалашпайт.

«Шоро» компаниясы рынокту кантип багындырган

— Сиздер өндүргөн продукция дээрлик бардык дүкөндө бар. Андан тышкары жыл сайын Бишкектин көчөлөрүнө «Шоро саткан эжелер» чыгат. Мындай формат коммерция үчүн канчалык маанилүү? Же бул имидж үчүн жасалган нерсеби?

— Биринчиден бул символика. Нооруз менен кошо «Шоро саткан эжелер» чыкканда, адамдар жаз келгенин түшүнүшөт. Бул жаңы суусундук, сатуучу эжелердин жылмаюсу. Бул нерсе — адамдар үчүн ыңгайлуулук, суусундук сатып алуу үчүн атайын бир жерге издеп кирүүнүн кажети жок: продукт кардарды издейт. Бул брендди жайылтуу: ар бир кыз «Шоро» деген жазуусу бар кийим кийип жүрөт. Анан албетте, суусундуктар көп көлөмдө сатылат.

— Аларды ушундай, көчөнүн кесилишине, жөө жүргүнчүлөр өтө турчу жерлерге кантип жайгаштыра алдыңыздар? Кээде эч ким тура албаган, бирок «Шоро» турган жерлер бар.

— Бул бренддин күчтүүлүгү. Мени башында итти куугандай: бул жака болбойт, бул эмнеси деп асмандан түшүп келендей куушчу. Азыр бийликтегилер өздөрү ушул жерге койгула деп өтүнүшөт.

— «Шоро саткан эжелер» шаардын көчөлөрүнө кайсы жылдан баштап чыгып башташты?

— Биз башынан эле, 1992-жылдан тарта суусундукту көчөдө сата баштаганбыз. Биринчи жылы Ош базарын багындырдык — ушиндай дейли. Экинчи жылы — Аламүдүн менен Орто-Сай базарларын багындырдык. Анан майда базарлар. Ошентип бардык базар колумда болуп калган. Сүйлөшүш керек болгон, тим эле эпопия.

Дагы кайда сатсак болот деп ойлондум. Анан белгилүү бир аймактарда, көчөнүн кесилиштеринде сатып көрүүнү чечтим. Кийин адамдар көп топтолгон РИИБдин, бажынын, Салык кызматынын жанына коюлу дедим. Бирок ал жактагылардын баары: болбойт, болбойт деп мени куушчу. Тимеле башка сөз жоктой.

– Сатууга кантип уруксат алдыңар?

— Эми, күч менен, күч менен. Биз бутка туруп, кийин мэрияга кирдик: карагылачы суусундук кандай сатылып жатат, бул деген өзүбүздүн улуттук суусундук да, жардам бергиле дедик. Бардык эле аткаминерлер тыюу салганга маш эмес да. Айрымдары: сонун, келгиле, райондук акимиаттын жанында туруп саткыла, биз ичебиз дешти.

Бир жылдан кийин бажычылар, РИИБдин кызматкерлери, салык кызматындагылар «байке, биздин ишкананын жанына коюңуздар деп» өздөрү сурай башташты. Ушундан кийин (колу менен ичимдик ичип жаткан түр көрсөтүп) ишибиз жакшы жүрүшө баштады.

Үчүнчү жылы баары бизге ыраазычылык билдире башташты. Көптөгөн кеңселер, Финансы министрлиги — баары өз имараттарынын жанынан ичкиси келет, алыс барышкысы келбейт. Ошондо биз көчөлөрдүн кесилиштерине чыга баштадык.

Мен керектүү адам болуп калдым. Мага «Байке, буйрутма менен биздин жаныбызга коюңуз» деп кайрыла башташты. А мен «ал жерде өтпөйт» деп жооп бере баштадым. Мен бир түйүндөн эң аз дегенде 50 литр сатышым керек дечү болдум. Алар болсо: биз соодаңызды көтөрүп беребиз, кечинде үйгө да ала кетебиз деп [көндүрүштү].

— Быйыл куюп сатылган литр максымдын баасы 90 сомго чыкты. Эмне үчүн бааны мынчалык көтөрүп салдыңыздар?

— Бул өзү кызык суроо экен. Максым коладан кымбатыраак сатылышы керек — ушуга макулсузбу? 15 жылдан бери максымдын литрин 10 сомдон сатып келдик — бул бир стакан чайдын баасы да! Ошентип мен 26 миллион доллар таза кирешени жоготтум. Анткени башында [эл көнүшү үчүн] арзан сатабыз деген идеябыз бар болчу. Ошондой эле ыкма менен сатып жүрдүк… 10 жылдан ашык киреше көрбөй эле иштедим. Чыгымга учурадым.

— Бирок, ошонтсе да, Бишкектеги сүт заводун сатып ала алдыңыз да…

— Ооба, сатып алдык — булардын баары майда нерселер да. [Бизнес] жакшы өнүгүшү керек. Бир убакта байкасам: сезон аяктаганда карызга батып калып аттым. Кышы бою чыгым [болуп жаттым]. Суукта кызматкерлерди жумуштан айдап сала албайм да, алар дагы кышында жан багышы керек.

Мен финансист эмесмин, агам дагы финансист эмес болчу. Негизи эле бизге акча бербеш керек, акчаны башкара албайбыз. Бирок, ошентсе да бизде финансылык директор (финдир), бухгалтерия жана экономисттер бар. 12-13 жылдан кийин гана баа саясатын өзгөртүү керектигин түшүндүм. Мындай тапшырма бердим: балдар, келгиле бааны кайра карап чыгабыз. Бир стакан үчүн бааны эки сомдон үч сомго чейин көтөрөбүз дедим. Ошентип өргүүгө чыгып кеттим: операция болдум, ден соолукка көңүл бурдум.

Бүгүнкү күндө «Шоронун» өндүрүшү толук автоматташтырылган. Айрым цехтерде таптакыр эле киши жок. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / «Клооп»

Кийинки жылы келсем, стаканын дагы эле эки сомдон сатып жатышыптыр. Бир стакан чайдын баасы болсо 10 сом эле. Тез арада чара көрүү керек болду: мен дароо эле үч сомго көтөрдүм. Кийинки жылы төрт сомдон саттык. Ошентип кете берди. Эми азыр болсо өнүгүп жатабыз.

— Бирок бир литрдин 90 сомго сатылганы көпчүлүк үчүн кымбат да. Бул нерсе сатууга кандай таасир тийгизди?

— Абдан жакшы, сатуунун көлөмү өсүп жатат. Дагы да өсө берет.

«Шоро» Coca-Cola’дан жакшыраак өсүшү керек. Pepsi’ден, арактан, кайсы бир сыра же квастан да жогору болушу керек. Алдыда болушубуз керек.

— Бирок атаандаштарыңыз да бар, алардын чалабы арзаныраак ко…

— Ооба, бирок алардыкы жакшы сатылбай, туруп калууда. Кечээ Жалга дизайнерге бардым, мектептин жанында атаандаштар менен «Шоро» турат. 15 жаштагы балдар үйүлүп турушуптур. Чыгып карасам, бир дагы [бош] стаканы калбаптыр, [таштанды челегинде] да жок, бөтөлкөлөрү да түгөнүптүр. Болжолду түшкү саат экилерде болчу. Менин кызым акчаны санаганга гана жетишет... Атаандаштар биз турган жерге турса, сата албай калышат — бул маалымат бизге белгилүү. Ошондуктан алар [биз туган жерлерден] качышат.

«Кандай гана бизнес болбосун, туугандардан корккула»

— Бизнес баштаганыңызда чындык такыр башкача болчу. Ооба, кооптуу, банк системасы, камсыздандыруу өнүгө элек кез. Бирок азыркыдай көптөгөн санитардык, салык боюнча жана башка чектөөлөр жок. Убакыт мерчеминде саякаттап жүргөнүңуздү элестетиңиз: 1992-жылдан 2023-жылга түшүп калдыңыз дейли. «Шоро» деген компания жок, эч ким максым, чалап жасап сатпайт. Бүгүн ушул ийгилигиңизди кайталай алаар белеңиз?

— Албетте. Керек болсо мындан да жакшы жасамакмын, анткени анда биз быша элек болчубуз. Билимибиз, тажрыйбабыз жок эле. Азыр бизнес үчүн канчалаган куралдар бар! Кандай гана мүмкүнчүлүктөр!

— Ооба. Бирок бүгүн үйүңүздөгү казанга жарма кайнатып сатууга, суусундукту дарыяга алпарып муздатууга уруксат беришмек эместир?

— Азыр болсо дароо чакан цех ачмакпыз.

— Бирок бул түз эле инвестиция да. Азыр бир фляганы базарга сатып, акчасына өндүрүш баштоого болбойт го.

— Эми, жок эле дегенде тонналык [цех] жасамакмын.

— Насыя алат белеңиз?

— Ооба, чакан насыя алмакмын. Буга көп деле нерсенин кереги жок. Башында 1-2 тонна жетмек. Албетте, ар бир мезгилдин кемчилиги жана артыкчылыгы бар. Азыркы кездин албетте, кыйынчылыктары да жок эмес.

— Азыр рынокко чыгуунун баасы да жогору го?

— Ооба да. Анда суусундук жок, рынок такыр эле бош болчу, жакшы мүмкүнчүлүк болуптур. Азыр ал көз караш менен кароо кыйын — атаандаштык дегендей. Бирок, эгер рынокто андай суусундук жок болсо [азыр деле кирсе болот].

Албетте, бүгүн мен турганда бул жаатка аралашуу оор. Керек болсо, иш жаңы башталган 2-3 жылда канча фирма рынокко чыгууга аракет кылды деп ойлойсуз? Бир нече компания, акчалуу адамдар ушул сыяктуу эле нерсени кылып көрүштү. Көп нерсе жасашты. Алматыда, башка рынокто иш башташты. Бирок бир ай же бир жумадан кийин эле жабылып калышты: жасагандары сатылбай калган.

— Эмнеге?

— Анткени бренд да. «Шоро» бренди 1993-1995-жылдары эле түптөлүп калган. Анан албетте, спат.

— Бир убакта «Шоронун» ичиндеги трайбализм — аймактык кландар жана туугандардын терең орун алып калышы менен — күрөшүп жатканыңызды айткан элеңиз. Бирок бул нерсе Кыргызстандагы көпчүлүк бизнес үчүн нормалдуу эле көрүнүш. Бул жаатта жаш ишкерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?

— Баарына «кайсы гана бизнес, кандай гана иш болбосун туугандардан корккула» деп айтып келем. Анткени акча менен бийлик, таасир болгон жерде талаш башталат. Албетте, туугандар бир максатты, миссияны, жамааттык маданиятты бирдей кабыл алса иштеше алышат. Бирок бул нерсени жакын адамдар дайыма эле түшүнө беришпейт. Кээ бири: “Эми мен деген шефтин кудасымын, эмне кыла аласың?» деши мүмкүн. Ошондуктан баарын, керек болсо «Шоро саткан эжелерди» да атаандаштыктын негизинде кабыл алабыз.

Айрым линияларда ызы-чуу катуу болгондуктан кулакчынсыз жүрүү мүмкүн эмес. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / «Клооп»

— Аларды кантип тандап аласыздар?

— Жөнөкөй эле критерийлер бар. Жок эле дегенде 10 жыл билим алган болушу керек. Анан медициналык кароодон өтүшү шарт. Орус тилин дагы билүү талап кылынат. Кишинин жеке сапаттары, адам табиятынан эле чыр-чатактан алыс болушу керек, анткени «кардардыкы дайыма туура». Бардык жерде талаптар бар, депутаттардын чалуусу менен эч ким жумушка алынбайт.

Мурда апам, байкем, жеңем, кошунам, депутат досум суранчу. Анан чыр чыкчу: Мен бул жерде алты жылдан бери иштейм, а бул киши жаңы эле келип, майлуу-сүттүү орунга отуруп калды депчи. Компаниянын ичинде мурда үч мафия бар болчу: таластыкы, суусамырдыкы анан ысык-көлдүкү… Бири орун басарыма, экинчиси каржы директоруна, башкасы сатуу боюнча башкы менеджерге баш ийчү.

Кийин байкем экөөбүз отуруп макулдаштык: апабыз, аялдарыбыз кадрдык саясатка аралашпайт, кишилерди так критерийдин негизинде жумушка алабыз дедик. Ошондон кийин аялымдын, апамдын туугандарын — баарын жумуштан кетире баштадым.

Оор болду. Үйгө келсем апам «эмнеге аны жумуштан кетирип салдың?» дейт. Мен болсо «Апа, болду кабатыр болбой отура бериңиз, байке экөөбүз чечим кабыл алдык» дедим. Аялыма «тынч жүр, бул жактагы иштерге аралашпа» деп эскерттим. Болбосо аялым — башкы технолог, маанилүү адам! Анан компанияны чогултуп «эртеңден тарта кызматкерлер жеке сапаттары жана адискөйлүгүнө жараша тандалат» деп кулактандыруу жасадым.

— Кантип мындай чечимге келдиңиздер?

— Буга беш жыл кетирдим. Тренингдерге катыштым, жардам сурадым, Жапониянын Toyota жана Matsushita Electric компанияларына кызыгып, алар жумушту кантип жөнгө салышканын изилдедим. Matsushita’да бир жолу бир сааттын ичинде бардык директорлорду кантип жумуштан айдашканын айтып беришти.

Нес болуп калдым. 2005-2006-жылдары өзүмдүн өндүрүш, финансы, сатуу, логистика, транспорт боюнча директорлорумду атайын Жапонияга алып бардым. Кайтып келдик, үч-төрт күн өттү — баары эле унчугушпайт. Аларды шаардын сыртына алып чыгып, «балдар кандай ойлойсуңар, эмнени өзгөртсөк болот?» деп сурадым, дагы эле үн катышпайт.

Сүрөт: Сергей Наумов «Клооп» үчүн

— А эмнеге унчугушкан жок?

– Анткени көргөн, уккан нерселери өздөрүнөн өзгөрүүнү талап кылат эле. Өздөрүндөгү жаман адаттардан баш тартууну, кандай каталары бар экенин карап чыгуу сыяктуу нерселер. Бул болсо дайыма оор. Реформаны ошолордон баштоо керектигин түшүндүм. Ошентип баарын жумуштан кетирдим. Кийин HR-директор жаңы кишилерди, жаш кызматкерлерди таба баштады.

Мындай жол менен жарым жылда менеджментти толугу менен жаңырттым, жетекчилер менен ири бөлүмдөргө чейин. Кол астындагы кызматкерлерге тийген жокмун: алар жаш баладай, дайыма жетекчилеринин аракеттерине карашат.

«Ачуу чындыкты баштан өткөрдүм»

— Өзүбүз көпкө чейин эч нерсени түшүнгөн жокпуз. Убакыт бизди тарбиялады. Мен азыр «Биз “Шоро” империясын түздүк, ал эми “Шоро” бизди тарбиялады» деген аталыш менен мемуарларды жазып жатам. Байкем аны жазганга жетишпей калды. Эскерүүлөр биздин үй-бүлөнүн жана компаниянын чыныгы турмушта болгон окуяларына негизделет.

— Бир жолу «бул китеп “Шоро” компаниясынын өнүгүшүндөгү ачуу чындык тууралуу болот» деп айткан элеңиз. Эмне үчүн ачуу?

— Бул [китеп] адам болуу жана бизнес тууралуу. Баары үй-бүлөнүн тегерегинде айланып, үй-бүлөлүк алкактан корпоративдик рамкага өткөн — бул эң татаал процесс болду.

Караңыз: Жубайлар бизнес баштап, үч жылдан кийин ажырашып кетишет. Анткени бизнес — акча жана таасир этүү зонасы, бул бийлик. Бир туугандар ортосунда деле ушундай.

Ага-инилер чогуу бизнес кылышканын көрүп жүрөсүзбү? Мынакей, агам экөөбүздүн ортобузда да көп нерсе болуп өттү, бирок азыр алар тууралуу жазууга эрте.

Ачуу чындыкты баштан өткөрдүм. Башында — Эгембердиевдер үй-бүлөсүн куруу. Азыр атам тууралуу жазып жатам: эмне үчүн атам эки аял алган, Табылды экөөбүз кантип төрөлгөнбүз, кантип көчүп жашаганбыз, кантип жетим калаганбыз… Компаниябызды түптөгөнгө чейин көптөгөн эволюциялык баскычтардан өткөнбүз.

Коомчулук ушул чындыкты билишин каалайм. Биздин коомдо чындык айтылбайт эмеспи. Бизде кош стандарттуулук бар, чындыктын бир тарабын гана айтабыз. Трибунадан бирди айтабыз, бишканы жасайбыз.

— Бизнесиңизди социалдык жактан жоопкерчиликтүү деп айта аласызбы?

— Абдан [жоопкерчиликтүү]. Биринчи кезекте биз ата-бабаларыбыздын салтын жайылтып жатабыз. Өзүбүздүн суусундуктарды даярдоо салты жоголуп бараткан, биз аны кайра жандантып, жайылтып жатабыз. Биздин миссиябыз ушул. «Супара» [этно-маданий комплекси] дагы ошондой. «Кара-Булак» [туристтик долбоору] — ал дагы, бул тоо туризми, экология, жаратылышка көңүл буруу, философия.

Экинчиден, жумуш орундарын түзүп жатабыз. Салык төлөйбүз. Биз үчүн миңдеген гектар буудай, жүгөрү эккен фермерлерге жумуш беребиз. Мен балдарга, жетим балдарга, спортчуларга жардам берем.

Кимге гана жардам берген жокпуз! Аким келет — ага бересиң, пенсионер келет — ага, мектеп окуучулары келет — аларга бересиң. Баш тарта албайсың, ыңгайсыз да. Аягында «кантип иштешибиз керек?» деп ойлоносуң. (Күлүп)

— Жумуштагы шарттар кызматкерлерди канааттандырабы? Алардын орточо айлыга кандай?

— Канааттанышат, албетте. Бүгүнкү күндө бизде 20 миң сомдон төмөн айлык алгандар жок. Айрымдары андан да көбүрөөк алат. Кызмат ордуна жараша.

— Бизнесиңизди экологиялык жактан жоопкерчиликтүү деп айтсак болобу?

— Албетте, биз деген табигый продукт жасайбыз да. Дандын баары бийиктиги 2000 метрден ашык болгон Суусамырда өстүрүлөт, алар экологиялык жаткан таза. Сүт дагы тоолуу райондордуку: Соң-Көл, Кочкордон келет. Сүзмө менен курутту да ошол жактан алабыз. Башкача айтканда биздин чийки зат экологиялык жактан таза.

Кагаздан жасалган стакандарды колдонобуз, анан аларды жыйнайбыз. Мэрияга жардам болсун деп калаанын бардык жерине урналарды орноттурдум. Пластик бөтөлкөлөрүбүз кайра иштеткенге жарайт. Алар чогултулуп, майланып Кытайга кайра иштетүүгө жөнөтүлөт.

«Жок нерсени көрө билүү»

— «Шоронун» кыска мөөнөттүк максаты кандай?

— Бишкекти суусундук менен камсыздоо: сатуу жылдан жылга өсүп жатат. Жыл сайын өндүрүштү кеңейтүү үчүн бир канча миллиондорду реинвестиция кылам. Бирок бул Кыргызстанда иштеген менеджерлеримдин иши. Ал эми мен компаниянын негиздөөчүсү катары, технологияны экспорттоо менен алектенип, базарларды изилдейм. Дүйнө кыдырып, алардын табити, менталитети, маданияты, эмне ичишерине баам салам. Жашыруун тыңчыдай эле жүрөм.

Азыр Өзбекстанга завод ачууну пландап атам, андан соң Пакистанга чыгуу. Өзбекстер чалапты жакшы көрүшөт, табити биздикиндей эле. Бул биздин суусундук деп айтышат. Мен макул болом: сиздики, сиздики (деп күлөбүз). Ал эми Пакистанда так эле биздикиндей жарманы ичишет. Ал жердеги бир жарым миллиарддык рынок өмүр бою жетиштүү болот.

Европага, Америкага чыгууну сунуштагандар бар. Бирок буга өтө чоң инвестицияны талап кылынат, тобокелдиктери да чоң. Мына азыр эле жолугушууда болдум: Америкадан кыргыз бала учуп кеди. «Байке, ал жакта рынок жакшы, келиңиз ал жакка бозону жана башка продукцияны алып барабыз» дейт. Мен «эч нерсе төлөбөйм, бирок силердин акчага даяр өндүрүштү жолго коюуга даярмын» дедим (күлүп).

— Азыр Москвада «Шорону» кыргызстандык жердештер сатып алып жатышат. Бирок менин оюмча, москвалыктар деле тамшанып ичишмек. Айрыкча азыр, сүт азыктарын өндүргөн батыштын бренддери өлкөдөн чыгып кетип жатканда, мисалы Danone. Эл даамдап көрүшү үчүн супермаркеттерге киргизүүнү каалаган жоксузбу?

— Москванын супермаркеттеринде белгилүү бир көйгөйлөр бар. Ал жакка кирүү үчүн көп акча керек, сатуунун көлөмү болсо өтө аз. Суусундуктар жеткиче эле бузулуп кетет. Сактоо мөөнөтү өтө кыска, анткени табигый суусундук да. Мөөнөтү өтүп кеткендери артка кайтарылат — киреше алып келбейт.

Орусиянын базарына кирүү үчүн суусундук 3-4 күндө керектөөчүнүн колуна тийгендей кылып ал жерде завод ачыш керек. Биз аны дагы пландаганбыз, анткени Орусия биз үчүн жакшы рынок. Азыркы кырдаал жөнгө салынса киребиз. Убагы келгенде ал жакта да иш баштайбыз.

— Кыргызстанда тамак-аш жаатында жаңы бизнес баштап жаткандардын тышкы рынокко чыгууга мүмкүнчүлүгү барбы, кандай ойлойсуз?

— Албетте, бар. Жакшы ишкер үчүн тоскоолдук жок, айрыкча бүгүнкү күндө. Бирок адамдын дээринде болушу керек, жаратман болушу абзел. Ал эми мындай адамдар аз. Жакында бир форумда сөз сүйлөй турган болуп жатам, 2000 киши катышат. Алардын арасынан 2,5% киши бизнесмен болуп чыкса, ошол деле жакшы.

Адам өзү ичинен ким экенин түшүнүп, ошого жараша иш кылышы керек. Бул жерде эки диплом, алтын медаль, көп акча дагы жардам бере албайт. Жок нерсени көрө билүү кажет. Ким болууну каалайсың, эмнени кылгың келет, ошол нерсени аңдап-түшүнүү зарыл. Эгер жөн эле акча тапкың келсе жыйынтык болбойт. Идея керек. Ал ишке аша тургандай болсун. Болбогон идеялар ишке ашпайт.

Дагы окуңуз: